Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 138

- Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылда, анын ичинде А.Атамбаев башкарган 7 жылда "таза кол" менен мамлекеттик кызматта иштеген киши табылабы? Албетте, жок. Фарид Ниязов менен  "шопур" биргеликте мамлекетти 6 жыл башкарып турду, бүтүндөй мамлекттик маселерди, анын кадрдык тарабын тескеп турду. Сиз атаган кишинин сиз менен мен жана коомчулук билбеген далай коррупциялык иштери бар деп айтсак жаңылышпаган болобуз го дейм. Эмне, ал киши А.Атамбаевдин айланасында жүргөн Сапар Исаков, "шопур" жана башкалар коррупциялык иштерди жүргүзүп жатканда, көзү көр, кулагы дүлөй болуп калды беле? Жөнөкөй тил менен айтканда баары бир табактан аш жешкен. Ал эми Орхан Инандыга граждандык берилгендиги үчүн УКМКны айыптоо - бул "Фарид Ниязовдун бул ишке катыштыгы аныкталбады" деген шылтоо менен камактан бошотуп алуунун  айла-амалы.