Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 317

Бишкектин бир жериндеги балдар ойноочу жайда Али Алимбаев деген жарандын тейлөөчү кыз менен кер-мур айтышып, анан калькулятор менен опузалагандыгынан чыккан жаңжалдын дароо Россияда резонанска ээ болуп, ири партиялардын лидерлеринин кызууланган билдирүүлөрүн жаратып, ал маселе боюнча МамДума чет өлкөлөрдөгү орустарды коргоо жөнүндө чечим кабыл алса, РФнын Ички иштер министрлигинин А.Алимбаевди 10 жылга Россияга киргизбөө жөнүндө чечим чыгаргандыгы чындыгында таң калыштуу болду.

Чындыгында ал катардагы эле, бардык жерде кездешип жаткан тиричиликтик чырлардын эле бири. Анын үстүнө А.Алимбаев кызуу да экен, чындыгында анын өз мекенинде суроолоруна мамлекеттик тилде жооп алууга анын толук укугу бар. Балдар ойноочу жай эл аралык  аянтча же форум эмес. Расмий тил деген негизинен эл аралык отурумдарды, жыйындарды тейлөөдө колдонулат. Эгерде Россия МамДумага кезектеги шайлоолордун алдында турбаса, ага Москвада эч ким деле көңүл бурмак эмес. Бирок, парламенттик шайлоого бир айдай убакыт калгандыгына байланыштуу аны партиялардын В.Жириновский, С.Миронов, Володин  сыяктуу лидерлери жаңжалга айландырып, атүгүл Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып алып, экономикалык мамилелерди чектөө жөнүндө да маселе көтөрүп жиберишти. Алардын баары шайлоо алдындагы популисттик билдирүүлөр экендигин, партиялардын лидерлери, айрым саясатчылар тырнактай шылтоо болсо да ага жабышып, өздөрүн бүткүл орустардык укуктарын, кызыкчылыктарын коргоочу катары көрүнгүлөрү, шайлоочуларды өздөрүнө тарткылары келип  жатышкандыгын ким деле болсо түшүнүп турат. Бирок, бирок... мында аргасыздан Кыргызстандын тургундарынын айрымдары славян улутундагылардан болсо эле артыкчылыктардан пайдаланышы керекпи, аларга салыштырганда кыргыздар адам катары бир нече тепкич төмөн турабы? Эмне үчүн Россиялык айрым саясатчылар арзыбаган тиричиликтик окуяны деле көбүртүп жабыртып жатышат? Бул орустардын жылдан жылга күчөп бараткан шовинисттик саясатынын бир формасы эмеспи? - деген суроолор жаралат.

Азыр Россияда 1 миллионго жакын кыргыз иштейт, алардын 150 миңге жакыны Россиянын жарандыгын алышкан. Өзбектер менен тажиктердей эле кыргыздарды уруп, сабап, тоногон фактылар күн сайын эле Россияда катталып жатат. Жыл сайын Кыргызстанга 300гө жакын өлүк келет. Алардын арасында такырбаштар өлтүргөндөр, иштеген жерлеринен акчасын ала албай, башка кысым, сыгымдардан улам жарыкчылык менен кош айтышкандар да аз эмес. Биздин бийликтегилер андай көрү­нүштөргө реакция деле жасашпайт. Кыргыздарды орустар уруп-сабап, айрымдарын 3-4чү  кабаттардан ыргытып жиберишсе деле тиричиликтик жаңжалдар катары гана кабылдашат. Ал эми Россиянын саясатчылары лагерде өспүрүмдөр бир орус баланы сабап коюшса, кызуу жигит тейлөөчү орус кызга өз укугун айтып, анан бейбаштык кылып койсо деле чуу чыгарышып, аны эл аралык жаңжалга айландырып, анын аркасы менен биздин бийликтегилерге кысым, басым жасоого аракеттенишүүдө. Эгерде эң жогортодон ишарат болбосо Володин кыздын жаңжалын эч качан МамДумага алып чыкмак эмес, Ички иштер министрлиги Алимбаев жөнүндө шашылыш чечим кабыл албайт болчу.

КМШнын аймагында Кыргызстандай пророссиялык саясат жүргүзгөн бир да республика жок. Орус тилине “расмий” деген макам берилген, орус тилдүү мектептер жылдан жылга көбөйүүдө, Россиянын борбордук гана эмес, провинциялык ЖОЖдору да Кыргызстанда өз филиалдарын ачышууда. Кантта Россиянын авиабазасы жайгашкан. Сөз жүзүндө эгемендүүлүктү даңа­залаганыбыз менен иш жүзүндө Россиянын бир бучкагына айланып баратабыз, улам жаңы милдеттерди мойнубузга илүүдөбүз. Ошондон улам Россиянын айрым саясатчылары бизге ачыктан ачык эле өздөрүнүн бир провинциясындай мамиле жасай башташты. Ал эми Россия ири долбоорлор боюнча бир да милдеттенмесин аткарган жок. Мунун келечеги кандай болор экен? Тилекке каршы, булар тууралуу ойлонгондор байкалбайт. Кокустан колубузга тийген көз карандысыздыгыбызды кертип-кертип отуруп, акыры Россияга биротоло өткөрүп берип салуу коркунучу да реалдуу нерсеге айланып бараткандыгы гана тынчсыздандырат.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити