Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 922

- Сабыр байке (агай) Ооган темасы тууралу маектешсекпи деп турам. Талибдердин бийликке келиши менен Ооганстандагы кырдаал кырдаал тездик менен курчуп баратат. Михаил Саакашвили, Яков Кедми ж.б. белгилүү эксперттер, саясатчылар бейстабилүүлүк очогу Орто Азия республикаларына көчүрүлөөрүн айтышууда. Ушу тууралуу сиздин оюңузду уксак дедик эле?

 - Алмустактан бери адамзат талаш-тартыш, согуштан башы чыкпай келет. Алдуусу алсызын басынтып, кырып-жоюп, колундагысын тартып алмайы калган жок. Заман өзгөрдү, жер жүзү тарып, адам батпай баратат. Технологиялар өнүктү, теориялык жактан адамзатты ач кылбай, бакубат жашоого жеткизүү мүмкүнчүлүгү деле бар. Бирок ага жол жок. Адамзаттын ач көздүгү, жырткычтыгы, баскынчылыгы ага жол бербей жатат.

Кубаттуу державалар ресурстарга ээ болуу менен алсыз, жаңыдан өнүгүү жолуна түшүп аткандарды кысып, аларды ар кандай ыкмалар менен эксплуатациялоо аркылуу жеңил желпи өмүр сүрүп жер жүзүн башкаргылары келет. Азыр дүйнөдө ошондой, жашоо менен өлүм ортосундагы айгышкан тартыштан улам ар жерде согуш оту тутанып, бейкүнөө адамдардын каны суудай агып жатат. Кимди күнөөлөрүңдү да билбейсиң. Гибриддик согуш деп атап да алышкан.

Биринчи экономика катары эсептелген АКШ, өтө тездик менен өнүгүп келе жаткан Кытай, экономикасы кыйла төмөн экенине карабай экинин бири катары эсептелген ядролук курал, аскердик жагынан потенциалы жогору Орусиянын жана алардын тарапташтарынын ортосунда кармаш кандай аяктайт, аны айтуу кыйын.

АКШнын бир полярдуу дүйнө куруп, жер үстүнө жандарм болуу планы Орусия менен Кытайдын биргелешкен аракетинин айынан куру кыялга айланганы менен НАТО бул багыттагы аракеттерин токтоткон жок.

Орусия менен Кытайга каршы океан жагынан курчап, чыгыш Европа жагынан жакындап, акыркы 20 жылда жакынкы чыгышта согуш отун алоолонтуп кыйсыпыр кылып келет. Эми Афганистандан кетип атып болсо да геостратегиалык маанилүү чөлкөмгө Орусия менен Кытайдын дал ортосуна – Орто Азияга - согуш отун тутантып, эки атаандашына өлүмгө тете сокуу уруу максаты бар.

Америка менен ымаласы жакшы, Грузия менен Украинадан Орусияга багышталган соккуларга катыштыгы бар Михаил Саакашвили, Израилдин чалгын кызматын жетектеген Яков Кедми ж.б, АКШнын бул багыттагы пландарынан кабардар болгондугунан айтып чыгышып, өзүлөрүнүн эксперттик рейтиңдерин даңазалап, пиар менен алектенгени. Бул план жаңылык эмес. Тийиштүү тараптар бүт билген план. Бул Бзежинскийдин планынын экинчи бөлүгүндө так жазылган. Биринчи бөлүгү - СССРди кыйратуу - ишке ашканын билесиңер.

- Талибдер согуш аяктаганын жарыя кылды. Өнүгүү жолуна түшөөрүн айтышып, адам укугу, аялдарга карата мамиле өзгөрүлөөрүн, жумшараарын, эл аралык нормалар сакталаарын, түндүккө карай жүрүш жасоо максатын айтып жатышат?

 - Талибдер эртең эле Орто Азияга кол сала койбойт. Бийлигин бекемдеп, ички араздашууларын жөнгө салып, гуманитардык катастрофа менен алпурушат. Төрткө бөлүнүп, ич ара чабышууга даяр болуп калган талибдердин бийлик бөлүшүүсүнөн, арасындагы аялдарга берилген жеңилдиктерди такыр кабыл албай турган радикалдардын айынан, карапайым жарандарынын жаңы бийликке каршылыгынан улам жарандык согуш оту күчтөп тутанып, далайга созулушу мүмкүн дегендер да жок эмес.

Афганистандан чыгып кетип жатканы менен АКШ бул аймактагы геосаясый кызыкчылыктарын токтотпойт. Күчөтөт. “Талибандын” катарындагы “Аль-каида”, ИГИЛ, ИДУ ячейкалары менен ЦРУнун тымызын келишимдери аркылуу, каржылоо күчөтүлөт. АКШ таштап кеткен курал-жарактын баары ошол максат үчүн калтырылган.

Орусия, Кытай, Орто Азия республикалары да жөн жатпастан тиешелүү чараларды көрүп, даяр болуштары керек. Бул жагынан биз, Орусия менен стратегиялык өнөктөш экенибиз, региондогу стабилдүүлүк бизге эле эмес, Орусияга да абдан зарыл экенин түшүнүүбүз керек.

- Ушундай кырдаалда анда эмнеге орус-кыргыз мамилеси солгундап кетти?

- Аймакта от тутанса бизге эле эмес, оруска да жаман. Согуш оту бир сөөм оруска жакындап, орустун буфердик зонасына кирип атпайбы. Орусия болсо, өзүлөрү НАТОнун негизги бутасы экенин жакшы билишет. Ошондуктан Орусия бизди стратегиялык өнөктөш катары кана көргүлөрү келет. Украина, Грузия сыяктуу башка лагерге өтө качышыбызды каалашпайт.

Орусия тараптан болуп жаткан муздак мамиле, кысымдардын баары ушул стратегиялык өнөктөштүктү туура эмес пайдалануубуздан улам чыгууда. Ошентип биз аларга нааразыбыз. Алар болсо бизди: “сөзгө турбайт, өнөктөштүктүн, коопсуздуктун маанисин түшүнбөйт, колдорунан келгени калпычылык менен зөөкүрлүк, деңгээлдери жетпей жеңил желпи, душманга койун ачканга тете кадамдарга бара беришет, бизди кидать этип, Кытайдын жардамы менен Сооронбай Жээнбековду кетирип бийликке келишти, кытайдын марионеткалары, бир жолу саткандар дагы деле сатат, ишенгенге болбойт”- деген мааниде жактырышпайт. Козак менен чайлашып отурушса, аны ээрчий келгендер элди кыдырып, “күздө кетет”-деп ушак таратып жүрүшсө, Кремлдин маанайы өзгөргөнүн илгиртпей билген Жириновскийге окшогон бакан ооз саясатчылары демитип, кемсинтип сүйлөп, кырдаалды ого бетер курчутуп, кысым Орусиядагы мигранттарыбызга чейин жетип атса, биздин бакан ооздор аларды боктоп, тууган деп Турцияны көксөп атсак кайда бараар экенбиз?

Ал аз келгенсип, “бул “погуна” тайгаланып аткандардан эмне толк”- дегенсип, Орусия, Өзбекстан, Казакстандын катышуусу менен Тажикстанда өткөрүлгөн аскердик машыгуусуна да Кыргызстан чакырылган жок. Кыргыз жергесине куралдуу аскер менен кирип, айылдарыбызды өрттөп тынч жаткан жарандарыбызды кырган Эмомали Рахмонго тынчтыкты, бейпилдикти камсыздаган таризинде Орто Азия республикаларынын атынан марапаттап мойнуна алтын алка тагып, сыйлык берип кыргызды кемсинтүү да Владимир Путиндин кемпай кеңешчилеринин идеясы болгондой.

“Ишенген төөм сен болсоң, кепшегениң курусун”- дегендей Путин минтип алжып атса, Орустар айтмакчы “биздин төрөлөрдүн мээси жетпей атса”, анда канттик? “Алтоон ала болсоң алдыңдагыны алдырасың ...” дегендей, акылыбызга келбесек иш чатак, бүт Евро Азия континентин от чулгаса кантебиз? Эсибизге келебизби?

 

Маектешкен Чынайым КУТМАНАЛИЕВА, Булак: “Майдан. kg” гезити