- Каныбек агай, Фарид Ниязов "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирип, өзүнө тагылып жаткан айыпты негизсиз жана укуктук жактан сабатсыз деп белгилеп, саясий куугунтуктун уландысы деди. Анын айтканына ынансак болобу?
- Бир маанилүү ойду баса белгилеп айтып коёюн! Соңку кездери мамлекеттик мекемелердин расмий билдирүүлөрү менен аларды сындаган же сунуш айткан инсандардын акыйнектери ММК аркылуу ачык эле жарыялана баштады. Демократиянын талаптарына же болбосо сөз эркиндигинин базалык нормаларына бул көрүнүш туура эледир. Бирок карапайым элдин арасында мындай "өз ара чабуулдар" өтө эле карама - каршылыктуу пикирлерди жаратат экен. Бул кебим, айрыкча, өлкөнүн жашыруун кызматтарынын өкүлдөрү катышкан дебаттарда оркоюп эле көрүнүп калып жатат! Кечээ эле УКМК менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын ортосундагы кайым айтышуулар резонанстык кырдаалды жаратып, кеңири талкууга алынса, мына эми ошол эле "контора" менен анын ТИЗОсунда айыпталуучу катары камалып жаткан мурдагы ири чиновник Фарид Ниязовдун ортолорунда бири-биринин позициялары үчүн кыл чайнашкан акыйнектер башталып кетти. Жалпы коомчулуктун алдына алып чыгып жаткандары дурустур. Бирок мындай "тактикалар" өлкөнүн коопсуздугуна же укук коргоо иштеринин адилет болуп кетүүсүнө канчалык салымдарын кошуп жиберет экен? Мага түшүнүксүз!
Менимче, Ниязов азыр колунда бар материалдар менен катуу коргонууга өттү. Анткени, ага абдан оор айып тагылып, кошумча дагы бир кылмыш иши козголуптур. Бул сапар: "Чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун мыйзамсыз берүүгө катыштыгы бар" деген айып.
2016-жылы Орхан Инанды баш болгон Түркиянын 10 жаранына ошол Ниязов башында турган президент Атамбаевдин алдындагы мамлекеттик комиссиянын чечими менен биздин өлкөнүн жараны деген тыянак берилип жатпайбы? УКМК азыр аны мыйзам чегинде текшерүүнү баштаптыр. Анын эмнеси негизсиз же сабатсыз? Менимче, Ниязов мырза мыйзам чегинде эле мойнуна коюлган айыптын туура эместигин далилдеп алса болот. А эгерде, комиссиянын чечимдерине мыйзамсыз кол койгон болсо жазасын албетте, алат! Бул ишке саясий боёк сүртүүнүн деле кереги жоктур! Бирок дагы бир жолу айтам, бардык иш көмүскө эле каралып анан сотко жеткенде жакшы болмок! Бекерден эле резонанс туудуруп элди удургутуп жатышат!
- Фарид Ниязов президенттин алдындагы жарандык берүү комиссиясынын мурдагы жетекчиси катары мага каршы козголгон кылмыш иши УКМК жана ИИМдин жоопкерчиликтен качуу аракети деди го? Кимисине ишенебиз?
- Менимче, жоопкерчиликти Фарид Ниязов, УКМК жана ИИМ чогу тартыштары адилеттүү болот го! Керек болсо, бул резонанстуу иш боюнча өкмөттүк - парламенттик комиссия дагы түзүлүп, олуттуу баа берилбесе болбой калыптыр. Көрүнгөн чет элдикке жарандык макам бере берип дүйнө жүзүнө деле уят болуп бүттүк!
- Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көнүлүн башкага буруу үчүн мага кылмыш ишин козгоп жатат дегени да бар?
- Өзү биздин жарандык укуктарыбызды мамлекет тарабынан коргоп алуу маселеси аксап келгендиги зээн кейитет. Бир эле Инанды эмес, ага чейин деле көптөгөн инсандарыбыздын тагдырлары тайкы болуп келүүдө. Кечээги эле 5-6 жарандарыбызга тажик бийликтери тарабынан жырткычтык мамилелер болгондугун кайда жашырабыз? Ошондуктан, Коопсуздук кеңеши бул маселени атайын карап адилет чечим чыгарат го? Болбосо күч органдары бири - бирине же карапайым элдин караңгылыгына шылтап коюп жүрө бергидей!