- Орозбек агай, Саакашвили “талибдер муну менен токтоп калбайт, алардын кийинки бутасы Борбор Азия болот”,- дептир. Анын айтканында негиз барбы?
- Сиз билесиз, саясат таануу илими боюнча бийликке келиш салыштырмалуу жеңил, бийликти колдонуу, башкаруу кыйла татаал. “Талибанда”* уюштуруу маселелерин чечип, Ооганстанды өздөрү пландаштыргандай шариаттык тартип менен башкаруу жолуна өтүү маселелери турат. Ички жана тышкы саясатта олуттуу маселелерди чечиши керек. Ошондуктан, эртең эле “Талибандын” жоочулдары Борбор Азияга багыт алат деген божомолдорго эч реалдуу негиз жок.
Экинчиден, “Талибан” 1996-жылы биринчи ирет бийликке келгенде деле биздин аймакка кол салуу максаты болгон эмес. 2001-жылы АКШ баш болгон эл аралык коалиция тарабынан бийликтен четтетилип, согушуп жүргөн мезгилде деле Борбор Азияга каршы аракеттери болгон жок. Расмий өкүлдөрү биздин мамлекеттерге каршы эч кандай терс максаттары жок экендигин жарыялап келишкен.
“Талибандын” жетекчилери азыр мурдагыдан кыйла тажрыйбалуу болуп калышты жана биздин аймакка кол салуу эмнеге алып келерин жакшы түшүнүшөт.
Бирок, 2001-жылы эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандын аймагына киргенге чейин ал жерде эл аралык террористтердин машыгуу борборлору болгонун унутпашыбыз керек. 1999-2000 - жылдары Кыргызстанга Тажикстан аркылуу келип, кол салган “Өзбекстан Ислам кыймылы” террористтик уюму Ооганстанда баш паанек кылып турган. Азыр деле талибдер менен чогуу аракеттенген террористтик топтордун мүчөлөрүнүн арасында келечекте Борбор Азияда Ислам эмиратын түзсөк дегендер жок эмес.
- Афган трагедиясы идеологиялык тиреш, геосаясый кызыкчылыктардын кармашыбы?
- Бул трагедия Оогандардын эзелтен бери келе жаткан уруулардын бирикмелеринин ортосундагы бийлик талашкан күрөшүн тышкы күчтөр өз кызыкчылыктарына пайдаланышынын натыйжасы. Кийинки эле тарыхына кайрылсак, 1973-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында падыша Захир-шах тактыдан куулат. 1978-жылы кезектеги аскердик төңкөрүштө бийликке Ооганстандын “Элдик демократиялык партиясы” келет. Партиянын ичиндеги эки фракция “Халк” жана “Парчам” уруулардын союзунун негизинде болгон. Негизги атаандаштар – “абдали” жана “гильзаи” чоң уруулары.
Алардын бийлик талашынан чыккан жаңжалга 1979-жылы Советтер Союзу кийлигишкенде, буга каршы АКШ баш болгон өлкөлөр моджахеддерди даярдап, бул кармаш он жылдан кийин СССРдин Ооганстандан чыгуусу менен басаңдаган. Ошол согушта каза болгон жоочандардын балдары Пакистандагы атайын медреселерде аскердик даярдыкта тарбияланып, “Талибан” кыймылы ошондон улам жаралган.
Эми жаңы бийлик кандай компромисттик негизде түзүлөт, көрө жатабыз буюрса.
- Башка улуттагы террордук топтор Борбор Азияга келиши мүмкүнбү?
- Келиши мүмкүн. Бул реалдуулукка жакын.
- Оогандын 500 студентине виза менен жардам беребиз дегени биздин бийликтин жоомарттыгыбы?
- “Талибан” бизден кадр даярдоо маселесин кандай карайт, азыр белгисиз. Ооганстанга кошуна Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы бул маселе боюнча пикир келишпестик жөнгө салынса, келечекте Кабул деле бул маселеге кайрылышы мүмкүн.
Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити
*"Талибан" кыймылына Кыргызстанда тыюу салынган.