Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 221

Өлкөбүздүн аракеттеги укук-ченемдик актыларынын бардыгы ушул жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамдын нормаларына ылайык келтирилсе, Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоолоруна старт берилгени турат. Эл өкүлдөрү 28-июлда “КРнын Президентин  жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамын колдорунан келишинче Баш мыйзамга ылайыкташтырышты. Минткенибиздин себеби, аны кабыл алуунун процедуралары, укук-ченемдик нормалары боюнча азыр ар кандай сындар айтылууда. Бирок, биз аларды талдагыбыз келбейт, бизди шайлоочулардын көпчүлүгүндөй эле андагы жаңы нормалар, аларды ишке ашыруунун жолдору гана кызыктырат.

Мурда парламент 120 депутаттан турса, эми ал 90 депутат болду. Жаңы нормага ылайык, алардын 54ү  жалпы республикалык округ боюнча парттизме аркылуу, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. Мурда бир мандаттуу округдардан депутат болуп шайлануу үчүн добуш бергендердин 50 пайызынан ашыгынын добуштарын  алуу керек болсо, жаңы нормага ылайык, канча талапкер катышпасын алардан көпчүлүк добуш алганы депутаттык мандатка ээ боло берет. Же бир округдан 10 талапкер чыкса, 15-20 пайыз добуш алган талапкер деле депутат болуп шайланып калуусу толук мүмкүн. Мында потенциалдуу конфликттик  жагдай да бар. Эгерде алдыңкы талапкер 17 пайыз, андан кийинкиси 16 же 16,5 пайыз добуш алса, сөзсүз тирешүүлөр, бюллетендерди кайра эсептетүү жөнүндө  талаптар пайда болбой койбойт. Бул норманын жакшы жагы - бир мандаттуу округдарда шайлоолор бир тур менен гана аяктайт. Экинчи  тур деген  болбойт. Республиканын аймагын шайлоочулардын санына жараша  36 округга пропорционалдуу  бөлгөндө кыйынчылыктар жаралат. Чоң райондордо  бир мандаттуу  2ден округ түзүлсө, калкынын сандары аз райондордун 3-4ү биригип бир округ болуп же Талас, Нарын облустарында бирден округ түзүлүп калышы ыктымал.

Парламенттин сапатын жакшыртууда бир мандаттуу округдардан шайлоонун артыкчылыктары көп. Алардан аймакта кадыры, таасири чоң, көпчүлүгүнөн харизмалык сапаттары күчтүүлөр гана келишет. Алар партияларга,бийликке көз каранды болбогондуктан өз позицияларына бекем турушат, аймактардын кызыкчылыктарын да алда канча таасирдүү коргошот.

Саясый партиялар үчүн босоголук чек 3 пайыздан 5 пайызга көтөрүлдү. Эгерде аздыр-көптүр партияларды өнүктүрүү максат кылынса, босоголук чекти  10 пайыздан ашырган туура болмок. Антпесе парламенттин дискуссиялык клубдан айырмасы болбой кала тургандыгын тажрыйба ырастады. Квоталар жөнүндө. Жаңы нормага ылайык, депутаттардын жаштары, жыныстары боюнча квоталар калтырылды. Же талапкерлердин 15 пайыздан кем эмесинин жашы 35тен жогору болбошу керек. Ал эми партиялардын  тизмелериндеги талапкерлердин  25 пайыздан кем эмеси аялдар болуусу зарыл. Жеңишке  жетишкендери мандаттардын 30 пайыздан кем эмесин аялдарга берүүсү керек. Бул парттизмелерди түзүүдө, мандаттарды бөлүштүрүүдө  аябагандай чоң кыйынчылыктарды жаратат. Анткени, тизмелердин алдыңкы саптарына жүз миңдеген долларларды төлөгөн күркүлдөр киргизилет. Андай акчалуулар аялдардын арасында аз. Анан тизменин 25 пайызы аялдар болсо, жеңишке жетишкен партиялар аны  кантип 30 пайызга жеткиришет? Албетте, ар партиянын тизмесинде 100дөн кем эмес талапкер болот, бирок аялдар жогоруда айтылган себептен улам тизменин аяк жагына сүрүлүшөт.

Биздин оюбузча, депутаттыкка талапкердин милдеттүү түрдө жогорку билими болуусу зарыл деген норма туура эмес. Азыр дипломдуулардын  көпчүлүгүнүн  фермерлерден, дыйкандардан жана жумушчулардан айырмалары деле жок.Түздөн түз эл чарбасында иштегендер жок дегенде өз кесиптеринин көйгөйлөрүн жакшы билишет, ал эми дипломдорду сатып алгандар эмнени билишмек эле?

Эгерде саясый партияларды өнүктүрүү максат кылынып коюлса, мандаттардын бардыгы пропорционалдуу системада бөлүштүрүлүп, босоголук чек 10 пайыздан ашырылышы, ал эми парламенттин сапатын жакшыртуу гана  милдет кылынып коюлса, бардык эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан гана шайлануусу керек эле. Бул тиягын да, биягын да көздөбөгөн, аймактардын, саясый топдордун гана көңүлдөрүн жууткаруучу   компромисттик  мыйзам болуп калды. Мындан партиялык система да өнүкпөйт, парламенттин курамынын сапаты да кескин жакшырбайт, тилекке каршы...

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити