- Турсунбай агай, Ооганстандын 500 студентине виза менен жардам беребиз, 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар дегени биздин бийликтин жоомарттыгыбы?
- Ооганстандын 500 студентин окутуп беребиз деген демилге - бул укурукту узун таштаган дипломатиялык жана саясий кадам! Өзүңөр ойлонуп көргүлө, ошол 500 студентти тандап алып ким Кыргызстанга жөнөтөт? Менимче, аларды "Талибан" өкмөтү жана Билим берүү министрлиги жөнөтөт. Ошол 500 студент окууну бүтүрүп мекенине кайтып барганда алар мыкты кызматтарга туруп калып, биздин мамлекетти колдоочулардан болот. Себеп, жогорку билимдүүлөр Ооганстанда аябай аз...
- Бирок алардын арты менен террористтер келсе не болот деген кооптонуу да күч болуп жатат го?
- Эмне үчүн талибдерди террорист катары көргөзүүгө аракет жасап жатышат?! "Талибан" ислам кыймылы коңшу өлкөгө кол салды деп уктуңарбы? Тескерисинче, бизге светтикмин деген Тажикстан кол салып жатпайбы!
Талибдер кечээ жакында Москвада "чет жактан келген террористтик уюмдарды өлкөбүзгө киргизбейбиз, коңшу өлкөлөргө кол салбайбыз” деп билдирүү жасашты го? Керек болсо, Ооганстанды өзүнүн жаңы базасы катары колдоном деген ИГИЛге (ДАИШ) да талибдер жихад жарыялап согушуп жатышпайбы! Дагы кайсы исламдык күчтүү кыймыл ИГИЛге туруштук берип жатат?
Менимче, "Талибанды" ИГИЛ менен чаташтырышып, аларды «террористтик уюм» деп коркуп жатышат окшойт...
- Бирок Саакашвили "талибдер муну менен токтоп калбайт, талибдердин кийинки бутасы Борбор Азия болот" деген божомолун айтыптыр го. Бул маселеге кандай комментарий бересиз?
- Михаил Саакашвили европалык жана христиандык менталитети менен Борбордук Азия жана мусулман өлкөлөр жөнүндө пикирин билдиргени жумшак айтканда, «дилетантизм». Ооганстанда Американын жана АКШ түзгөн ооган өкмөт менен аскеринин шермендесин жабыш үчүн Саакашвили ошентип сүйлөп койду го! Михаил америкалык саясатчы экенин баарыбыз жакшы билебиз.
Талибдер өзүнүн мекенин бошотту - максатына жетти. Орто Азиянын аларга эмне кереги бар? Ооганстан эли согуштардан эчак эле чарчаган жана тажаган. Жесирлер жана жетимдер көп эң алдыңкы өлкө - бул Ооганстан. 1999-жылы "Талибан" жана ИДУ менен Кабулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканымда - жесир менен жетимдердин көптүгүн көрүп ыйлагым келди... Ооган эли бактылуу жашоого укугу бар! Саакашвилинин көзүнө "Талибан" агрессор болуп көрүнгөнүнүн себебин түшүнбөй жатамын....
- Эми талибдерди шылтоолоп, башка улуттагы террордук топтор Борбор Азияга келишпейби?
- "Талибан" сөзүнө турган саясий күч экенине АКШ да, Батыш Европа да, Орусия да, Кытай да ынанышты. Башка террористтик уюмдардын иш аракеттерине да "Талибан" бөгөт коюусу турган сөз. «Клин клином вышибают!» деген мыкты орус макалындай эле талибдерди да колдонуу керек.