Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 173

- "Афганистанды СССР жеңе алган эмес, АКШ да жеңе алган жок" - дешет. Андай эмес.

СССР жеңгени кирген эмес, "Социалисттик система орнотобуз, шахты төңкөргөн революцияны колдойбуз"- деп кирген.

АКШ "батыштык үлгүдөгү демократия орнотобуз, терроризмдин тамырын кыркабыз" - деп кирген.

Экөө тең жалпы афган элине, Афган мамлекетине каршы согушкан эмес.

Социализмди да, батыштык үлгүдөгү демократияны да самаган афгандыктар ар дайым жетиштүү болуп, келгиндерди колдоп, жардам алып келген.

Тилекке каршы, эки сапар тең келгиндердин "жардамы" майнапсыз болуп, эл жакырланып, мамлекет өнүкпөй "жардамчылар" жек көрүндүгө - жалпы элдик душманга - айланып, келген жагына кайтууга мажбур болду.

Эгерде СССР менен АКШнын максаты элин кырып жерин басып алуу, багынтуу, таш-талканын чыгаруу болгондо, ал азыркы курал-жарак менен жеңил эле ишке ашмак.

Афган трагедиясы идеологиялык тиреш, геосаясый кызыкчылыктардын кармашы!