"Бүгүн президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич менен жолуктум!" - деп жазды депутат Шайлообек Атазов соцтармактагы баракчасына. 

Андан ары жолугушуудан алган таасирлери менен бирге президенттин аткарып жаткан жакшы иштерине токтолгон:

- Садыр Нургожоевичтин кылымдарды карыткан кыргыз элине ажо болушу кокустук эмес, бул - буйрук! Буйрук Кудайдын иши! Президент болгончо көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Чыркыраган чындык деп өмүрүн тобокелге салды. Сабыр кылды... Акырында мамлекет башчысы болуп шайланды...

Бүгүн Президентибиздин кабыл алуусунда болдум. Мага карата айтылган өлкө башчылык, агалык кеп-  кеңештерин уктум. Мамлекет, эл - жер тууралуу баарлаштык...

Мен ойлойм, учурда сыртыбыздан тышкы күчтөр сындап акмалап  турганда, өлкөбүздөгү  бардык ички саясий күчтөр биригип,  ынтымак менен алга кадам таштоого мезгил келди. 

- Өлкө жетекчилиги кылым аферасына айланган "Кумтөр" кениндеги эл аралык мафияны жеңип, мамлекетибизге кайтаруу алдында турат...

- Кадр саясаты акырындап тазаланууда...

- Мамлекет бир ууч кландардын, үй-бүлөнүн  башкаруусунан элдин көзөмөлүнө өтүүдө...

Бирок коопсуздук маселеси дагы да курч бойдон калууда! 

Биз ички шылуундардын тузагынан чыгып, тышкы мамилени чыңдоо үчүн  ынтымак гана керек! Бөлүнүп - жарылсак өнүкпөй турганыбыз айдан ачык!  Кыргызстан деген бир желектин, бир түндүктүн алдына биригели!