Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 150

Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине Афганстандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз Мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.