- Турсунбай агай, акыркы мезгилде Талибан тигил жерди, бул провинцияны басып алыптыр деген эле сөздөр айтыла баштады. Талибан кыймылы кооптуу эмеспи?

- Талибандан ким коркуп жатат? Биринчиден, Ооганстанга үстөмдүк кылууну талашкан АКШ жана Оруссия коруп жатат. Экинчиден,  геосаясий оюнчулардын акчасы менен саясий, аскерий колдоосуна муктаж Ооганстандын кызыкчылыгын эмес, а жеке өзүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн саясатчылар жана уруу башчылары кооптонуп жатат. Үчүнчүдөн, опиум менен героиндин «королдору», башка сөз менен айтканда  - наркомафия коркот.

- Алар эмне үчүн коркуп жатышат?

- Биричниден, Талибан бийликти толугу менен ээлеп алса, анда алар башка  өлкөлөрдүн айтканын кылбай, укпай, өзүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырат. Башка сөз менен айтканда – көз карандысыз саясатты жүргүзөт. Талибандын жетекчилиги ошон үчүн АКШ, Батыш Европа жана Оруссиянын экономикалык жана финансылык жардамына кызыкпай, Кытай менен иш алып баруусун ачык айтып чыкты.

- Талибан кыймылы басып алган жерлеринде адилеттүү бийлик жүргүзө алабы? 

- Ооба, Талибан мамлекетти толугу менен башкара алат. Аларда 1994-2011-жылдары топтогон мол тажрыйба бар. Андан тышкары, чет өлкөлүк кожоюндардан жана тынымсыз согуштан тажаган, кыйналган эл Талибанды акыркы үмүт катары колдоп башташты. Ооганстанда Талибандан бөлөк реалдуу саясий күч жоктугун бүгүн дүйнө боюнча баары моюнуна алышты жана алар менен эсептешкенге мажбур болуп жатышат.

Чынында,  «Талибан» ким? 1917-жылы Орто Азияга большевиктер бастырып киришкенде аларга каршы чыккан биздин мекенчил, динчил ата-бабаларыбыздай эле! Бирок аларды «басмачы» деп 70 жыл элге жаман көрсөтүштү.  Талибан кыймылы деле ошондой. Террорист деп мусулмандарды жаман көрсөткөндөр - жөөттөр менен каапырлар. Мисалы, ИГИЛ да ошолордун долбоору. 

Талибдер - өзүнүн мекени, эли, дини үчүн күрөшкөндөр! АКШ алар менен күрөшүүнү пайдасыз, натыйжасыз көрүп, Ооганстандын өкмөтү менен аскерин таштап качышты. Кыргызстанды талибдердин аты менен элди коркуткан чагымчылардын да кереги жок! Андан көрө коррупцияны, трайбализмди токтотуп, көрө албастыктан жана бөлөк ички душмандардан сактаналы!