Афганистандагы кырдаал боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев пикирин билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анда Кыргызстан бизге жакын жайгашкан Афганистанда болуп жаткан окуяларга чоң чоочулоо менен баам салып жатканы белгиленген.
"Афганистандагы акыркы жумада болуп жаткан коомдук-саясий өзгөрүүлөр коомдогу тынчтык жана туруктуулук кандай борпоң экенин көрсөттү. Биз афган элине оор сыноо түшкөнүн түшүнүп турабыз жана Афганистандын өлкөсү үчүн жоопкерчилик алган ар кандай саясий күчтөрү тез арада чогулуп, сүйлөшүп, өз элинин кызыкчылыгы үчүн маанилүү компромисске бара алат деп ишенебиз", - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.
Ошондой эле, Кыргызстанды афган жаштары, айрыкча кыз - келиндери тынчсыздандырып жатканы айтылган.
"Кыргызстан кыргыз жаштары сыяктуу билим алууга, жаңы технологияны өздөштүрүп, кесип алууга умтулган афган жаштарына, айрыкча кыз - келиндерине көбүрөөк тынчсызданууда. Биз куралдуу саясий тирешүү шартында сапаттуу билим алуу мүмкүн эместигин жакшы билебиз. Экономикалык жашоо миңдеген үй-бүлөлөрдү өз туулган жерин таштап кетүүгө мажбурлоодо.
Ошондуктан, биз таланттуу афган студенттерине колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын университеттеринде билим алууга виза берүүнү өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз. Биздин университеттер аймактагы эң эркин жана көп улуттуу болуп саналат. Биз Афганистандын студенттерине виза берүүнү улантабыз жана Кыргызстанда билим алууну каалаган дагы 500 студентке виза беребиз. Аларга бул жактан жашаганга жай табууга, окуу үчүн төлөмүнө жардамдашабыз", - деген Камчыбек Ташиев.