Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1226

Кыргызстанга Талибан менен байланышкан террористтик уюм кириши мүмкүн. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 13-августта, Талибан Афганистан бийлигин өзүнө карата электе билдирген. 

"Афганистан тууралуу өтө көп сөз айтылган. Он жыл мурда эле ал жактагы кырдаал чыңалып, көзөмөлдөн чыгаары, ал Борбор Азия аймагына, анын ичинде Кыргызстанга таасир берээрин айтканбыз. Май айынан бери Афганистанда орун алган кырдаал бул коркунуч саясий да, террористтик да эмес, практикалык, реалдуу экенин билдирди, ага биз даяр болушубуз керек.

Талибандын жанында өтө көп экстремисттик жана террористтик уюмдар бардыгын билесиздер, мисалы, ИГИЛ, "Ислам жихады", "Өзбекстандын Ислам кыймылы" ж.б. Россиянын туура аралашуусунан улам алар жок кылынган. Көп согушкерлер Афганистанга кетишип, ал жакка өздөрүнүн лагерин түптөштү. Ал жакта ондогон, жүздөгөн эмес, ар жактан келген миңдеген согушкерлер бар. Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Россиядан, ал турмак Синьцзян - Уйгур автономиялык райондон барышкандар бар.

Алардын баары Афганистандын түндүк райондорунан жай алышты. Лагерь түзүшүп, окутуу өткөрүшүп, адамдарды өздөрүнө тартышып, катарын көбөйтүүдө. Бизге эң чоң коркунуч - талибдердин жанындагы уюмдардан болот.

Алар менен сүйлөшүү, сатып алуу мүмкүн эмес, эгер кимдир бирөө маселени ушинтип чечебиз дешсе. Аларга катаал күч, мамлекеттин кубатын колдонуу керек.

Кыргызстандын күчү жетеби? Ооба, биз даярданып жатабыз. Кайсы бир деңгээлде биздин күч түзүмүбүз буга даярданып жатат, бирок масштаб Сириядай болуп кетсе, анда бизге аймактык уюмдардын, биринчи кезекте ЖККУнун", - деген Марат Иманкулов.