Талибандар Орто Азияга таасирин тийгизиш үчүн сөзсүз эле чек араны бузуп, курал- жарактары менен кирип келиштин кереги жок. Ишеничи, идеологиясы жана тыйынын жиберип койсо эле, Орто Азия чакчалекей түшүп жатып калат. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Талибан Орто Азияга таасирин тийгизеби, кол салабы же салбайбы деген талаш тартыш күчөп баштады. Кол салуу десе эле, орусча айтмакчы "буквально" түшүнбөш керек. Кол салуу десе эле алар курал - жарагы менен чек араны бузуп, танкаларын айдап кирип келүү деп элестетпеш керек. Маселе таасирде!
Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда халифат, эмират принциптерин туу туткан саясий - диний күчтөр барбы же жокпу? Орто Азия шариат менен жашаш керек деген ички күчтөр барбы?
Ошолор Талибандын таасири менен шыкакталып, биз да ошол принциптер менен жашаш керекпиз деп удургуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Башкача айтканда, Талибан идеологиясы жана дүйнө таанымы канчалык деңгээлде Орто Азияда орун алган? Буга чейин дымып жаткан радикал динчилдер эмне план түзүп, эмне аракет жасашы мүмкүн?
Мына, ушундай суроолорго жооп тапканыбыз маанилүү. Алсыз болсок, биримдик жок болсо, улуттук мамлекет курабыз деген аруу тилектер жөн эле куру сөз болсо, анда талибандардын бул жакка " физикалык" түрдө кирип келишинин кажети деле жок...
Идеясы, ишеничи жана тыйыны келсе эле, Орто Азия чакчелекей түшүп, түтөп жатып калат. Бизде өз программасында шариат менен жашаган, ислам мамлекетин куруш керек деген президентикке талапкерлер болгон, эгер эсиңерде болсо. Ал талапкер беймарал регистрациядан өтүп, дебаттарга да катышып жүргөнүн кечээ эле көрдүк го.
Час Х настал деп койчу эле орусча..." - дейт саясат талдоочу.