Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 248


- Бейшенбек агай, президент Садыр Жапаров эл ишенимин актап жатабы, берген убадаларынын өтсөөсүнө чыга баштадыбы?

- Жаңы келгенде элге президенттик башкарууга барабыз деген аны аткарды. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алабыз деген аны да аткарды. Ошондой эле башаламан,  жоопкерчиликсиз бийликтен кетип, жоопкерчиликтүү системага алып келди, эч ким, эч качан, эч нерсеге жооп бербейт деген парламенттик башкаруудан баш тартканы, "Кумтөрдү" элге кайтарып берем дегенин аткарып жатканы жакшы. Бирок аягына чейин чыгып эл аралык соттон утуп алсак, кылымдык иш болуп, адилеттүүлүк орнойт эле. Жакыр кыргыз элине жакшы болот эле. Ушул иштерди аягына чейин чыкса элдин үмүтүн актаган болот.

- Элдин кызыкчылыгына каршы чыккандар эртеби-кечпи жоопко тартылаарын "Кумтөр" иши далилдедиби?

- Элдин кызыкчылыгына каршы чет элдик ишканалардын кызыкчылыгын коргоп, жеке кызыкчылыкты элдик кызыкчылыктан жогору койгондорду жоопко тартканы туура. Бул кийинкилерге сабак болот. Эл аралык деңгээлде да коррупция менен күрөшсөк, аларда биздин мамлекетке ишеничин артып, аброй көтөрүлөт. «Кумтөр» баарына сабак болушу керек. Мындан кийин мындай иштер мамлекетте болбош керек.

- Садыр Жапаров акимдерге 60 миллион сомго унаа сатып алуу тендерин жокко чыгарды. Ал туура кылдыбы?

- Эң туура кылды. Акимдер жаңы эле келишти, 60 миллион сомдук иш кыла элек. Эмгек сиңе элек, анын үстүндө жөө калган аким жок баарынын унаалары бар, кудайга шүгүр. Акимдерге Жип эмес, иш керек.
Анын үстүнө элибизде жакырчылык, жумушсуздук, миграция, ковид, кымбатчылык, сугат суу жоктугуна байланыштуу азык - түлүк коопсуздугу, эл кыштан кантип чыгат, Токтогулда да суу аз, саясый ал - акыбал да тынч эмес, Ооганстан, талибан, ичибиздеги радикалчылар, айта берсе проблема чачтан көп. Ошон үчүн ак Жип алганча, ак эмгегин элге арнап, эл үчүн кызмат кылышсын.