- Хашим агай, президент эл ишенимин актоого далалат жасаганы байкалып жатабы? Элдин ишенимин актайбы?
- Президент Садыр Жапаров эл ишенимин актоого далалат жасап жатат. Жеке өзүн инсандык деңгээлде карай турган болсок, анын чечкиндүүлүгү, маселени тездик менен чечкендиги, саясий эрктин бардыгы, айрыкча коррупция менен күрөшүүдө ачык эле байкалды. Тагрыраагы, иш жүзүндө көрүндү. Маселе, сиздин ушул суроону берүүңүзгө алып келген жагдайда болууда. Айта турган маселени бир сөз менен трактовкалап айтканда, 30 жылдан бери калыптанып калган системаны жоготуп, башкаруунун жаңы системасын ишке ашыра албай жатканында болуп жатат. Башкаруунун жаңы системасы - заманбап келген менеджмент. Бул менеджмент - батыштын илим-билимин сиңирген, жаңы технологиясы менен куралданган, япон-кытай элиндей натыйжалуу эмгекке берилген, рухий дүйнөсү жана амалы Ислам менен азыктанган, ар бир кишини өз ишини берилип иштөөгө кызыктырган, изденүүгө чакырган система. Эгерде түшүнгөн болсоңуз, Садыр Жапаров Кыргызстанды туруктуу өнүгүүнүн жолуна салуучу башкаруунун менеджментин киргизбесе, анда күтүлүп жаткан социалдык чыңалуунун жана коомдук жаатташуунун проблемасына кабылып калышы мүмкүн. Мына ушул маселени чечүү - Садыр Жапаровдун эл алдында берген убадаларын өтөөсүнө чыгуусуна шарт түзөт.
- “Кумтөр” маселеси чиновниктердин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш кылсаң, эртеби-кечпи жоопко тартыласың деген чоң сабак болдубу?
- “Кумтөрдүн” чатагы - бул Садыр Жапаровго чейинки президенттер жана алар түзгөн Жогорку Кеңеш жана Өкмөттөр кантип иштегенин көрсөткөн күзгү. “Кумтөр” маселеси менен тааныш адамдарды баары билет. Бул балээнин башында А.Акаев турат. А.Акаев жеке өзү менен кошо анын аялы - улуу урматтуу канайымы. Элдин ырыскысын бир ууч акчага сатып ийгенге себепкер болгон канайымды күйөөсү менен кошо жоопкерчиликке тартырууга жана аларды элдин алдына салып берүүгө бийлик милдеттүү.
- Президент Садыр Жапаров акимдерге 60 миллион сомго унаа сатып алуу тендерин жокко чыгарып туура кылдыбы?
- Чиновниктер бир маселени так түшүнүп алуусу зарыл. Мамлекеттик кызмат чалкалап жатып алып буйрук берип, көчөдө жип минип сайраңдап жүрө турган орун эмес. Чөнтөгүнө акча түшпөй турган, кулдай иштеп, иттей жеме угуп, креслодо отурган ар бир кылган иши үчүн ар бир учурда жана доордо жооп бере турган кызмат. Мына ушул шартты жана жоопкерчиликти түшүнөсүңбү иште, болбосо кой.