- Сабыр мырза, президент Садыр Жапаров эл ишенимин актап жатабы?
- Эл ишенимин актайын деп аракеттенип атканында шек деле жок. Бирок азырынча "актады" деп айткыдай жыйынтык жок болуп атпайбы. Балким дагы бир аз убакыт керектир?
- Элдин кызыкчылыгына каршы чыккандар эртеби-кечпи жоопко тартылаарын "Кумтөр" иши далилдедиби?
- "Кумтөрдү" алдык", - деп кудуңдап, камакка алууларды деле туура, түшүнүү менен кабылдап жаттык эле. Акаевдин келип кетиши баарын ойрон кылды. Ал келип эки достун эле эмес, баарыбыздын төбөбүзгө заара ушатып кеткендей акыбалда калдык. Эл ичинде маанай тетири өзгөрүп, экинин бири эле: "жоопкерчилике тарта албагандан кийин келтирбей эле койгондо болмок, номер биринчи күнөөлүүнү камабай койгон соң башкаларды камоо коошпой калды"- дегенди айтып жатат. Ойлонуп иш кылыш керек эле.
- Садыр Жапаров акимдерге 60 миллион сомго унаа сатып алуу тендерин жокко чыгарып туура кылдыбы?
- Биздин өлкөдө кандай деген күндө да, демократиянын зачаткалары орноп, каныбызга деле сиңип, көнүмүш сыяктуу эле болуп калды. Бийликтин коомдук пикирди эске алып чечимдерин өзгөртүп жатышы туура, жакшы, позитивдүү көрүнүш.