Президент Садыр Жапаров сүйлөп жатканда кулагыңарды жаап албай, угуп отурсаңар, азыркыдай калп ШОК болбойт элеңер! 

Билесиңерби?  Президент болуп жаңы шайланганда эле ЭСКЕРТКЕН. Айткан. 

1) Күзгө чейин жаңы мыйзамдарды кабыл алабыз.

2) Кадрлар алмашат, бир эле эмес бир нече! Күчтүү, иштей турган  команда топтойбуз. 

3) Шайлоолорду өткөрүп алабыз! 

4) Пайда  батасыз, Мамлекеттик кызмат орундарын кыскартабыз!
Күзгү жетинчи чакырылыштын депутаттарын шайлап бекиткиче, бир силкинип тазаланып алып анан барып биргеликте акырындык менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү жолуна түшөбүз. 

Менин планым жана баамым  боюнча күзгө чейин саясат темасынан алыстай албайбыз. 
Бирок, ага чейин ар кандай долбоорлорду  иштеп чыга беребиз. 

Завод, фабрика, курулуш долбоорлору азыр жаңы каралып иштелип жатат. Жай айларынан баштап алар да акырындык менен ишке кирише баштайт... дебеди беле? 

Туптуура ошондой эле жол менен бара жатат го! 

Кана? Кайсы жеринде сөзүнөн тайды? 

Кана кайсы жеринде калп айтты? 

Кадрлар алмашуусун айрыкча баса белгилеген!  Иштегендер гана туруктуу болуп калат! Ар бир кадр өз ишин мыкты билген гана кадр болушу керек деген... 

Негизи эле Президент сүйлөп жатканда тетириленип, тескериленип укпайсыңар. Анан эле айткандарын аткарып жатканда чалкаңардан кетесиңер! Бир жылча чыдап бергиле деген! Чыдайбыз! дегенбиз...

Кана?! 

Кыйкырып эле жатасыңар го кудайдын куттуу күнү!  Бободубу эми. Бышырып жейсиңерби?!