Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев Таалайбек Сарыбашевдин кызматтан кетиши тууралуу пикирин билдирди. 

- Акыркы убактагы өзгөрүүлөр тууралуу пикиримди айтууну туура таптым. Акыркы мэр эмнеге алмашып кеткенин билбейм, ага чоң себептер болушу мүмкүн. Президенттин кадрларды ротациялоо чечимин колдогом жана колдой берем. Кыргызстандын түштүк аймагындагы кадрлар түндүк аймагына, түндүк аймагындагылар түштүк аймагына барышы ич ара чыр чатакты токтотту. Мэрлердин алмашуусун толук колдойм, мындан ары да колдой берем. Сарыбашев кайсы бир себептерден улам кетти. Биз "бул биздин бала, колдошубуз керек, биздин бала келиши керек" деген түшүнүктү жок кылуубуз керек. Биздин балдар келип алып элди эзе бериши керекпи? Аймактык бөлүнүүдөн качышыбыз зарыл. Аймакка бөлүп, топ түзүп жаткандардын жазасын Кудай жана мыйзам берсин. же өздөрүнө же элге жок ушинтип жатып чатактын баарын чыгарышмай болду. Же айткан сөздөрүнө турбайт, моменти келгенде куйрук түйүп жоголушат. Көргөнбүз баарын. Кызматка чуркап, мэрликти самагандарга таң калам. Абдан кыйын, уйку көрбөйсүң. Эл менен чогуу иштешиң керек. Кызматка баргандар жыргап жатат дейсиңерби? Ташиев мырза аңдып отурат, кайсы жерден катачылык кетирсең, элдин акчасын жеп алсаң алып барып камайт. Элдин акчасы оңой эмес. Бул дүйнөдөн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге сурак берсең, аркы дүйнөдө Кудайга сурак бересиң. Жетекчи болом деп эле жанталаша бербеш керек да. Колунан келгенин кылыш керек. Келбегени да жутунуп жатып ушуга жеттик, - деди Түлөбаев.