- Масадыков УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди сынга алып, ага коопсуздук кызматы өз жообун кайтарды. Талант Масадыков айткандай УКМК эл үчүн таптакыр жабык болушу керекпи? Же Ташиевдин жасаган жумуштарды ачык элге жарыя кылганы туурабы?

- Былтыр эле ошол Коопсуздук Кеңештин төрагасынын орун басары болуп жүргөн Өмүрбек Суваналиевди эстегилечи? Парламенттик шайлоого жакын туптуура бир жыл мурда - 2020-жылы август айында Коопсуздук кеңештин төрагасына жана катчысына баш ийбей, өзүнө окшогон принципсиз адамдын партиясына кирип кетип, бийликке каршы сүйлөп жүрүп албады беле?! Шайлоо жокко чыгарылганда эч ким дайындабаса да, суранбаса да аны кууп чыгарганга чейин бетин бетон кылып алып УКМКнын төрагасынын креслосуна отуруп албады беле?!

Коопсуздук кеңештин УКМКдай кыматкерлери, жоокерлери жок, алар кабинетте гана отуруп, кагаздарды чыгарышат. А УКМК да чоң күч бар, ал керек болсо бардык саясатчылардын кыса турган жерин кыстырып коюуга алы жетет.

Ошондуктан Суваналиев да ошол кызматты чоттогон. Эми Масадыков да “зам” эмес, а “сам” болоюн деп ал орунду чёттоп олтурат. Суваналиев экөөнүн кыймыл аракеттери, сүйлөгөндөрү окшош бекен?!

СССР учурунда эң жабык мекеме КГБ болчу. Ал күндөрдү сагынгандар - мамлекеттик репрессияга, кысымдыкка учурабагандар. Америкада коомдун талабы боюнча ЦРУ да, ФБР да Конгресс же Сенатта коюлган талаптарга айдан ачык жооп беришет.

Бизде да мындай мекеменин ачык иштегени дурус.

- Баса, Валентин Богатырев маалыматтык саясий айдыңда кайрадан пайда болгону  эмнени билдирет?

- Валентин Богатырёвду саясат талдоочу деп айта албаймын. Ал керектүү учурларда керектүү адамдардын буйругу менен керектүү макалаларды жазып турат. Ошондуктан Богатырёвду буйрутма журналист десек эң туура болот.

Жок, андай эмес дегендерге “анда кайсы аналитикалык макаласы туура чыкты, кайсыл прогнозу туура келди?”- деген суроомо жооп бергилечи?..

- Турсунбай агай, Акаевдин учурунда эле “Кумтөр” экологияны талкалай баштаган беле?

-Садыр Жапаров 2012-жылы “Кумтөр” маселесин көтөргөн болсо, мен 2002-жылы 17-декабрда көтөргөнмүн. Анткени, тунгуч Акыйкатчы (Омбудсмен) кызматына 13-декабрда  расмий түрдө киришкенимде 1-текшерүүм “Кумтөрдөн” башталган. Экология маселелер боюнча атайын баяндамаларды президентке, премьер-министрге жана ЖКга 2003-жылдын январь айында киргизгенмин. Ал баяндамада Петров мөңгүсү, ошол эле аттуу көлдүн, “могила” деген автосвалканын, калдык сактоочу жай маселесин көтөргөнмүн.

Ошол кезде эмне үчүн Кыргыз Распубликасынын президенти айтып турсам да экологиялык бузууларга көз жумган!

- Темир Сариев камакка алынганы анын тарапташтары жок жерден эле камалгандай сүрөттөй башташты. Чын эле ал ак жеринен камалып  жатабы?

- Сариевди бир гана “Кумтөр” үчүн эмес, а бирдиктүү “Кыргызэнергохолдингди”, “Кыргыз аба жолдорун” талкалагандыгы жана Үзөнгү-Кушту Акаев менен кошо берип салгандыгы үчүн да жоопкерчиликке тартыш керек.

- Айтмакчы, Борбор Азия “Талибан” менен сүйлөшүүгө аргасызбы?

- Ооганстан да Борбордук Азияга кирет. Улуу өлкөлөр биздин аймакты бөлүп алганча Ооганстан менен Борбордук Азиянын элдеринин өз ара байланыштары тыгыз эле.

Бирок Орус империя Орто Азияны кезек кезеги менен басып алуу учурунда Индостандан баштап Улуу Британия келе жатып Ооганстанды ээлеп алды. Орус паадышасына акыркы каршы турган Бухара эмираты болчу. Бирок ал да багынганда Бухаранын эмири Алимхан Ооганстанга качканы мажбур болгон.

1999-жылы Баткен согушун токтотуу жана можахеддердин туткунунан кыргыз менен жапондорду бошотуу учун “Талибан” менен сүйлөшүү жүргүзгөнү барган учурумда шейит кеткен Алимхан эмирдин мүрзөсүнө зыярат кылып Куран окуганмын...

Башкача айткада, Ооганстан да, Казахстан да, Өзбекстан да, Кыргызстан да, Тажикстан да, Түркмөнустан да, Монголия да, Кытайдын Синьцзян автоном аймагы да бир геосаясий талаага киребиз. Андыктан сөзсүз Талибан өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар менен жакшы кошуналар катары жашашыбыз керек.

- Талибдер менен болгон сүйлөшүүдөн оң жыйынтык чыгат деп ишенсек болобу? Акыркы мезгилде алар менен бир топ мамлекеттер сөздөрүн бышыктап жатат го?

- “Талибан” сөзүндө турган саясий күч. Ошондуктан аны менен Америка да, Европа да, Орусия да эсептешишет. Тескерисинче Ооганстандын марионет өкмөтү менен эч ким сүйлөшкүсү келбейт, себеби, ал АКШ жана НАТОнун жардамы жана күчү менен гана бийлеп турат, бийлегенде да Кабул жана анын айланасына гана таасири жетет.

Эгер Талибан менен чынчыл келишим түзө алышса анда, Ооганстан менен коңшу өлкөлөр  тынч жашай алат...

- Алар Ооганстандын ар бир районун басып алган саясатын башка мамлекеттерге колдонбойбу?

- Жок. Алар өзүнүн мекенинде өзүнүн бийлигин жана идеологиясын гана орнотуп келе жатышат. Башка өлкөлөргө кол салышпайт, өздөрүн чечилбеген көйгөйлөрү толтура.

Бирок Тажикстанга качкан оогандык жоокерлер чагымчылдык кылса, талибдер сөзсүз жооп беришет.

1999-жылы Кабулда Абу-Ракуб аттуу Талибандын этникалык азчылыктар жана качкындардын иштери боюнча министр менен сүйлөшүү жүргүзгөнүмдө, ал “биз аларга өзүн өзү башкаруу укугун бергенбиз. Аларды бир тууган мусулман катары эсептейбиз”- деп жооп берген. Кыргызстанга аларды көчүрүү маселесин көтөрсөм, Абу-Ракуб “келечекте эки өлкөнүн жетекчилиги чечсе боло турган иш” деп ишендирип жооп берген.

Булак: “Майдан. kg” гезити