Президент Садыр Жапаров жаздан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын горизанталдуу ротациялоо саясатын баштады, анын негизинде жоон топ акимдер ротацияланды. Республиканын түндүгүндөгү кадрлар түштүгүнө жөнөтүлдү, түштүктөгүлөр Чүйгө, Нарынга, Ысык-Көлгө келди. Чындыгында бул эң туура, эл аралашуусу, мындан ары “ар бир кадр өз кичи мекенинде гана иштеши, өз ишинде тууган-туушкандарына, жердештерине гана таянышы керек” деген түшүнүктөн арылышыбыз керек.

Кадрлардын мыктылары өз жөндөмдүүлүктөрүн кичи мекенинде гана эмес, республиканын башка аймактарында да көрсөтүп, тандалгандары андан ары улуттук масштабдагы кызмат орундарына сунушталуусу зарыл. Советтик система кадрларды ошентип тарбиялаган, өстүргөн. Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдун Бишкектин мэрлигине, ал эми теги Ысык-Көлдүк Алмаз Мамбетовдун Ош шаарынын мэрлигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы - ал саясаттын мындан ары ырааттуу улантыла тургандыгын көрсөттү. Таалайбек Сарыбашов өзү менен кошо Бишкекке маалымат катчысын гана алып келип, келери менен мэрияда иштеп жаткан баласын кызматтан бошотсо, Алмаз Мамбетов Ошко өз командасындагы кадрларды алып бара тургандыгын билдирди.

Тилекке каршы, анын саясый деңгээли ошол экен, “команда” деген түшүнүк шайлануучу саясый  кызматтарда гана болорун, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аппараттары “КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык теске салынарын билбейт окшойт. Цивилдүү демократиялык өлкөлөрдүн бардыгында жаңы дайындалган жетекчи катчысын, айдоочусун, жардамчысын, жан сакчыларын (эгерде болсо) алмаштырганга гана укуктуу, ал эми калгандары тийиштүү укук-ченемдик актылар аркылуу жөнгө салынат, корголот. Жетекчинин аларды негизсиз өзү билгендей бошотуп, дайындай бергенге укугу жок. Ал атасынан же жотосунан мураска калган мекеме эмес. Кокус, ошончолук эле бошоткусу келсе, жүйө таап, кадрларды тейлеген башка органдардын макулдуктарын алышы талап кылынат. Болбосо бошотулган кызматкер сот аркылуу эле кайра ордуна келип, олчойгон компенсация төлөтүп алат. Бул өзүнчө чоң сөздүн темасы.

Алмаз Мамбетовдун Ошко мэр болуп дайындалуусуна оштуктардын эч кимиси деле көңүл бурбады, Президенттин элдин биримдигин бекемдөөгө байланышкан саясатын туура кабыл алышты. Бирок, Таалайбек Сарыбашовдун Бишкекке мэр болуп дайындалышы айрым трайбалисттердин итатайларын тутултуп, ыйлатып жиберди. Мээрим Сулайманова деген бирөө: “После приезда южан столица не столица, а какой-то Ошский рынок! Гнать их надо отсюда!... Что делает мэр из юга в столице? Давайте все мы начнем бунтовать против южан..”- деген экстремисттик чакырыктар менен чыкты. Ал эми “коттедж операциясынан” кийин алты-жети  жыл дайыны чыкпай  калган Кубатбек Байболов Бишкектин мэрин түштүктөн алып келгендигине нааразы экендигин билдирди. Сыягы ал “мөөнөтү эскирди” деген убак келди, эми ачык жаңжалдарга аралаша берсем болот деп ойлоду окшойт.

Сулайманова деген айымдын экстремисттик чакырыктарына кандай укуктук баа берилет, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, ага  сөзсүз  укуктук баа берилүүсү зарыл. Анткени, ал жалпы түштүктүн элин маскаралады. “Ошский рынок” деген менен ал деле борбор калаада жашоочулардын көпчүлүгүндөй ал деле Ош базарынан азык-түлүктөрдү, мөмө-жемиштерди, жашылчаларды сатып алары шексиз. Ал эми жалпы оштуктар жөнүндө айта турган болсок, Кыргызстанга жыл сайын сырттан которулуп келип жаткан 2,5-2,7 миллиард доллар каражаттын 70-80 пайызын республиканын түштүгүнөн барган мигранттар жөнөтүшүүдө. Эгерде алардын акчалары болбосо, сомдун куну 2-3 эсе түшүп, базарларда жарытылуу соода болбой, курулуш иштери токтоп калмак. Ошондуктан суу ичип жаткан кудукка какырынып-түкүрүнгөн жакшы эмес. Айрым селкилерди эр албай койсо деле аны оштуктардан көрө берген болбойт. Ал эми Таалайбек Сарыбашовго келе турган болсок, анын Бактыбек Кудайбергеновдон он эсе жакшы иштеринен, ага даярдыгы, тажрыйбасы жетишеринен шек санабаса да болот.

Президент мындан ары кадрларды горизанталдуу ротациялоо саясатын дагы кеңейтүүсүн күтөбүз. Сот, прокурор, РИИБ, ОИБ, райондук, шаардык, облустук салык башкармалыктарынын жетекчилеринин ж.б.  бардыгын горизанталдуу ротациялоо, ректорлорду да ошондой ыкмада дайындоо зарыл. Ал айрым бучук мурундарынан ар жакты көрө албаган трайбалисттерге жакпашы мүмкүн, алар эмне дешсе, ошол дешсин, мыйзам чегинен гана чыгышпасын,  бирок ал үчүн, мамлекет үчүн керек.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити