Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 281

- Негизи азыр заман өзгөрүп, уйкусуроону, эптеп колунун учу менен айдап отко салуу дегенди, мансапка манчыркоону жактырбай турган нурлуу учур келип турат. Ким чын ниети менен өз ишине берилип иштесе, ал адамдын жолу ачылат. Болбосо Кайрат Олжобаевичке окшоп бир жерден болбосо бир жерден абийири айрандай төгүлүп калат.

Иманалиев жел толтурулган атактын ээси. Ал жел бир күнү чыгып кетсе ким экени билинип калат. Мисалы, ал президенттин болгон сапарларынын баарында жүрөт. Кереги барбы, жокпу, кандай маселе бүтүрүп келип атат, ал жөнүндө деле маалымат берилбейт.

Четке баргандан көрө Кыргызстанды кыдырып, маданият кызматкерлеринин турмушу менен жеринен таанышып, ошого жараша план- программа иштеп чыкса, маданиятка чоң пайда болмок.

Ошентип жүрүп бул жактагы чоң саамалык  абдан начар өттү. Президентти катардагы эле бир кызматкердин деңгээлине түшүрүп, эл алдында кадырын кетирди.

Бул өтө одоно ката. Сөгүш аздык кылат. Кызматтан кетириш керек. Эгер Иманалиев кетпесе Садыр Нургожоевичтин бетине чиркөө болот.  Душмандары  каалагандай калчай башташат.

Кайрат Иманалиев Президенттин жанында жүрө берип субординация деген нерсени унутуп,  каалагандай калчаганы билинип калды. Дос болсо өзүнчө боло берсин, элди, элдин башында турган адамды жетекчи катары  сыйлаш керек да. Өлкөнүн башындагы адам катышып жаткан эң жогорку деңгээлдеги эл аралык майрамды гимн менен ачпай, оозу ачылып программанын боткосун чыгарды. Акыры элдин алдында кармана албай калган деңгээлге жеткирди. Ошол жерде сөгүш жарыяланганы, бул да болсо өтө жумшактык, сабырдуулук болду. Болбосо ошол жерден кызматтан кетире турган иш кылды. Сөгүш жарыялаганы туура эмес деп айткандар Жапаровго күйбөгөндөр, президент катары сыйлабагандар деп айтаар элем.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити