- Турат мырза, УКМК жабык орган болушу керекпи?

- Мен УКМК жабык орган болуш керек дегенге таптакыр макул эмесмин. УКМК союз учурунда толук жабык орган болчу. Ал жакка кирген - чыккан киши билинчү эмес. Атамбаев АКСти түзгөндөн кийин УКМКнын иши ачык билине баштады. Эгер УКМК коррупция менен күрөшсө, анда бул тарабынан ачык болушу керек. Анткени, УКМК бул тарабынан коомчулук менен иштейт. Ошон үчүн коррупциялык иштер боюнча маалыматтарды берип турушу керек. Кыргызстан коррупцияга белчесинен баткан. Бул жагынан УКМКга ыйгарым укук берилип жатат. Ошон үчүн УКМК коомчулукка  маалымат берип турушу керек. Эгер коррупциялык иштер боюнча маалымат берилбей калса, эл туура эмес түшүнүп алат. Эл арасында камалгандарды “тергөө менен  кызматташты” деп бошотконун  “эмне болгон кызматташуу” деп күтүп жатат. Ошон үчүн камалгандар эмне үчүн кызматташты, эмнени далилдеп бергенинин баары элге ачык айтылып, коомчулукка туура маалымат берилиши керек. Анткени, азыр коом өзгөргөн. Ошондуктан, УКМК да өзгөрүп, элге камалган адам эмне үчүн бошогону боюнча ачык маалымат берип турушу керек. Тагыраагы элге так маалыматтар  жетип турушу керек.

- Масадыковдун мамлекеттик саясатка каршы сүйлөгөнү, УКМКнын жетекчисине кеңеш берем дегени туурабы?

- Коопсуздук кеңешинин тартибин билбейм. Бирок, алар президенттин көрсөтмөсүнүн негизинде маек беришет. Айтыла турган сөздүн баары президенттин макулдугу менен болушу керек. Өзү каалагандай айта бербеши керек. Коопсуздук Кеңешинин орун басары: “УКМКнын жетекчиси менен тааныша элекмин. Ага кеңешимди берем”,-  дегендей айтып жатпайбы. Чынында алардын кеңеш бере турган деле укугу жок.  Алар ар бир жетекчи менен бирдикте иштеши керек. Мына ошондо алардын дагы жумуштары жүрөт. Же болбосо алар президенттин тапшырмасы менен гана керектүү тармакка президенттин атынан гана кирише алышат. Азыр УКМК да, Коопсуздук кеңеши да президентке баш ийет. Булардын бирин өйдө, бирин ылдый көрбөш керек. Булар мамлекеттин коопсуздугу үчүн бирдикте иш алып барышы зарыл.

- Масадыков “саясий куугунтук болбошу керек. Камактагы саясатчыларды коё  бериш керек”- дегендей ойду айтты. Анын пикирин колдоого алсак болобу?

- Азыр тактап алышыбыз керек. Анткени, камалган кишинин баары эле саясий куугунтук болуп жатат дей берген болбойт. Эгер экономикалык кылмыш, кыргыз элинин байлыгына коррупциялык схемалар менен кол салына турган болсо, аларга эч качан жеңилдик бербеш керек. Саясий куугунтук деп баарын чыгарып жибергенди туура эмес көрөм. Ар бири жасаган иштерине жараша жоопко тартылып, өз энчисин алышы керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити