Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 157

Кандай мамлекетте болбосун саясаттан сырткары турган, өзүнүн спецификалык кесиптик функциясын аткарууга гана чегерилген жабык кызматтар болот. Алардын эмне иштерди жасап жатышканын эл боолгойт, бирок толук билбейт. Андай кызматтагылар  функционалдык милдеттеринин чектеринен чыгышып, ачык саясатка аралашса, өз кызматтарынан ыктыярлары менен кетиши керек. Эгерде кеткилери келбесе, өкмөттүн же мамлекеттин башчысы кетирүүсү зарыл.

“Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары”- деген орун бизде мына ошондой жабык кызматка кирет. Тилекке каршы, спецификалык өзгөчөлүктөгү андай кызматты ээлеп турган Таалатбек Масадыков деген инсандын жакында ЖМКларга “Саясый мотивде кармалгандардын бардыгын эркиндикке чыгаруу керек” деген билдирүү менен чыккандыгы  бизди аябай таң калтырды. Эң негизгиси, ал баланча саясый мотив менен кармалган деп бир да адамдын ысымын атабады. Жөн эле “саясый мотивде кармалгандардын бардыгын бошотуу керек” деп  балп эттирип, анан сентименталдык  мааниде чегинүүлөрдү жасады. “Мамлекет башчысы боорукер болушу керек,- деди ал. –Мамлекет башчысы эл үчүн ата катары. Бардык саясый туткундар бошотулушу зарыл, алардын төңкөрүшкө барбай тургандыгы жөнүндө убадаларын алып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн бириктирүү  керек”.

Эгерде пикир келишпестиктери, кайчы көз караштары болсо, спецификалык жабык кызматтагылар аларды  адатта жабык түрдө чечишет. Өтө эле маанилүү маселелер болсо, жабык отурумда карашып, анан жыйынтыктарын элге маалымдап коюшат. “Жылан чакпай, жылкы теппей” дегендей, Т.Масадыковдун жөндөн жөн эле жогорудагыдай билдирүү жасашына эмне себеп болду? Андай өзгөчө пикири болсо, эмне үчүн ал Коопсуздук кеңешинин кезексиз отурумун чакыртып, ошол жерде маселени арай көзүн чарай кылып ортого салбайт? Ташпиштери күн санап артып жаткан элдин күч органдарынын ички маселелеринде кандай жумушу бар?

Көрсө,Т.Масадыков аты болгон менен заты жок “Кыргызстандын социалисттик партиясы” деген уюмдун жетекчиси экен. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик башкаруу кызматына, анын үстүнө жөн эле катардагы эмес, күч органдарын координациялоочу кызматка келген адам саясый партиялардагы, топтордогу ишин токтотуусу керек. Бирок, билдирүүлөрүнө ылайык, ал Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгында иштеген менен  саясый уюмдагы лидерлик милдетин дагы деле аткарып жатыптыр. Аны анын өзүн “Кыргызстан социалисттик партиясынын лидери” катары позициялаган сөздөрүнөн ачык көрдүк. Айтымында, анын партиясы менен алдыдагы парламенттик шайлоого гана эмес, беш жылдан кийин өткөрүлө турган президенттик шайлоого катышууга да ниети бар экен. Мына ушул максатта Таалатбек Масадыков алдыдагы парламенттик шайлоого камынып, анын алдында эшиктерди карсылдата жаап, өзүн демократ, адилеттик  үчүн күрөшкөн адам катары көрсөткүсү келиптир. Шайлоолордун алдында айрым чоң мамлекеттик чиновниктердин ага чейин оюна да келбеген элди эстеп, көкүрөктөрүн ургулап, демарш менен чыга калуусу мурдатан келаткан көрүнүш. Бирок, андай жасалма “жылаңач баатырлардан” эл эбак тажап бүткөн. Т.Масадыков кандай шайлоого кимдер менен  катышпасын пешенесине түбөлүккө жазылган 0,2-0,3 пайыздык добуштан өйдө көтөрүлө албастыгын мышыктын баласы мышыбай, иттин уулу күчүкбай деле көрүп, билип турат. Андай чындыкты Масадыков мырза өзү гана билбей жаткандыгы гана өкүндүрөт.  Анткени, анын ким экендигин, буга чейин кандай иштерди аткарганын эл түгүл, саясый элитадагылар деле билишпейт. Реалдуу шартка жараша иш кылбаган, жок дегенде ага ыңгайлашпаган адам өз түйшүгүн гана көбөйтөт. Эмне дейбиз, биртке тыйын-тыпырлары жанына тынчтык бербей кытыгылап, аларды чачмайынча жаны жай албай турган болсо, ал өзүнүн иши. Буга орустарча “поделом” дегенден башка кошумчабыз жок.

УКМКнын маалымат кызматы Кыргызстанда саясый себеп менен кармалган  туткун жоктугун, фигуранттар коррупциялык жаңжалдар боюнча кармалгандар экендигин, аларды тергеп-тескөө иштеринин баардыгы укуктук тилкеде жүргүзүлүп жаткандыгын, өлкөдөгү коррупциялык системаны демонтаждоо боюнча чараларды айрымдар жеке кызыкчылыктарына байланыштуу саясый көрүнүштөргө айландырууга аракеттенип жатышканын билдирди. Чындыгында эле Т.Масадыков демарш жасагысы келсе, аргументтердин негизинде гана сүйлөшү керек эле, ал жер жайнаган НПОлордун биринин өкүлү  болбогон соң, аны кызмат орду ошого милдеттендирет. Бирок, анын өз кызматтык функциясына ылайык келбеген билдирүү менен сорок этип чыга калганы, бизде кадрларды тандап жайгаштырууда аябагандай чоң көйгөйлөр бар экендигин дагы бир ирет айгинеледи. Саламаттыкты сактоо министри маскарапоздун ролун аткарса, Ошко жаңы м.а. болуп дайындалган мэр  “өзүмдүн командамды алып келем” деп оолугуп жатса, ал эми ачкыл-кычкылга жакындыгы менен атагы чыккан каржы министри өйдө-төмөн сүйлөсө, вицелердин даражасындагылардын бири фантастикалык “Асман” долбооруна сүрөмөчү болуп жүрсө, алары аз келгенсип, коррупцияга каршы күрөшө тургандардын бири, коррупционерлерге адвокат болгонго өтсө, булардын баарын көргөн адам аргасыз: “деги биздин бийликтегилерде  адекваттуулар да барбы же..”-. деп ойлобой койбойт экен.

Бизди өзгөчө кыжалат кылганы, Т.Масадыковдун билдирүүлөрүндөгү ачыктан ачык сезилип турган менменсинүүчүлүк, өзүн табылгыс, алмаштыргыс адамдай  эсептеген кекирейүүчүлүк болду. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров алты ай бою кайра-кайра сунуш кылып жатып, өзүнүн Коопсуздук Кеңеши боюнча орун басарлыгына араң алып келиптир. Ал ошондой эле табылгыс кадр бекен? Ал орун басарлыкка келгенден кийин кандай көзгө көрүнөрлүк иш жасады? Сүрүштүрсөк, ал статмаалыматтарды чогултуп эле отуруптур.  Андан дурусураак иштерге даярдыгы, жөндөмү деле жок экен. Ал өмүр бою эл аралык уюмдарда котормочу эле болуп жүрсө, колунан башка эмне келмек эле?  Статмаалыматтарды чогулткандан  жадаганда жогорудагыдай билдирүүлөр менен чыгыптыр. Аны президент “Коопсуздук Кеңешин саясатташтырганга болбойт” деп кызматынан бошотуп, “кандай шайлоого катышсаң ыктыярың өзүңдө, төрт тарабың кыбыла”0- деп койсо, эң туура болмок. Антпесе парламенттик шайлоо жакындаган сайын мамлекеттик башкаруу органдарында “жылаңач баатырлар” иттин бүргөсүндөй  көбөйүп кетүүсү  мүмкүн.        

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити