"Жириновскийге көп көңүл бура бербеңиздер. Ал тантык. Аларда жакында шайлоо болот. Ошонун алдында популизм менен алектенип жатат. Жаш кезинде казактардан таяк жеп, кийин түрктөрдүн түрмөсүндө жатып чыгып, катуу өчөшүп калган кыргызий элдерге.
Дагы кошумчасы, өзү жөөт улутунда болсо дагы орустарга калп эле күйүмүш болот. Орустардын өзүн деградацияга учуратып, талап-тоноп жаткандардын катарында турат.
Шовинизм менен "бөл жана башкар" деген эзелтеден бери келе жаткан эрежени колдонуп, элдердин ортосуна бүлүк салууда.
Көңүл бурбай эле, бир клоундун сөздөрү деп эле кабыл алып коюу керек.
Орусиянын жарандыгын алган мурдагы кыргызстандыктарды ЛДПРге каршы добуш берүүгө чакырам", - деп жазды жарандык активист Гүлжигит Исаков соцтармактагы баракчасына.