- Турсунбек агай, Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип сурак бериши менен “Кумтөрдөгү” сырлар ачыкка чыгып, түйүндүү маселелер чечилди деп үмүт артсак болобу?

- Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгени, “Кумтөр” боюнча сурак бергени чоң үмүттү пайда кылды. Буюрса, эми “Кумтөр” боюнча көп сырлардын ачылышына жол ачылат. Анткени, Аскар Акаев “Кумтөр” боюнча биринчи булак болуп эсептелет. Себеби, кооптуу келишимдердин көбү ошонун убагында түзүлгөн. Ошондуктан, Акаевдин келиши көптөгөн түйүндөрдүн чечилишине, тергөөнүн туура багытта багытталышына да аябагандай чоң салымын кошот.

- Акаевдин ыраазычылык билдиргени Садыр Жапаров менен баарын алдын-ала макулдашып алганынан кабар бербейби?

- Аскар Акаевдин президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиргени анын маданияттуулугу. Ошондой эле субординацияны билген адам катары ыраазычылык билдиргени десек туура болот. Анткени, Садыр Жапаров Акаевге өз мекенине келгенге мүмкүнчүлүк түзүп берип, тоскоолдук кылган жок. Өз мамлекетине кайтканга  мүмкүнчүлүк берсе, баары эле ыраазычылык билдирет да. Садыр Жапаров Акаевдин коопсуздугуна кепилдик берген, бербегенин билбейм. Бирок, каматпаганы айкөлдүк деп эсептейм. Жапаровго чейинки президенттер деле Акаевди өлкөгө алып келишсе болмок.  Аскар Акаевдин суракка келиши  азыркы бийликтин жакшы ишинин бири десек  болот.

- Эми Бакиевди дагы алып келиш керекпи?

- Алып келиш керек. Анткени, мурдагы президенттер Кыргызстандан башка өлкөдө качып жүрсө же качкын статусун алып жүрсө ал президенттерге эле эмес, Кыргызстанга да абийири алып келбейт. Качып жүргөн президенттер да, Кыргызстандыктар да уят болушат. Ошондуктан, Аскар Акаевдин өлкөсүнө кайтып келгени колдой турган жакшы иш болду. Акаевге жасалган мамилени Бакиевге да жасаш керек. Бакиев да качып жүрбөшү керек. Бирок, Акаев менен Бакиевди салыштырууга болбойт. Акаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон эмес. Соттолгон эмес, кылмыш жообуна тартылган эмес. Ал эми Бакиевдер болсо, 25-30 жылга кесилген.  Ошон үчүн аларды Акаевге салыштырып, экөөнүн маселесин бирдей караганга болбойт.

- Мүмкүн мурунку президенттерге кечирим кылышыбыз керектир?

- Мурунку президенттердин “Кумтөр” маселеси жана Аксы окуясы боюнча  күнөөсү болсо, мыйзамдуу түрдө иш козгоп, сотко өткөрүп, тиешелүү жазасын бериш керек. Күнөөсү жок болсо, кууугунтуктабаш керек.

- Акаевдин “Кумтөр” боюнча күнөөсү жок деп ойлойсузбу?

- Аскар Акаевичтин “Кумтөр” боюнча толгон токой күнөөсү бар болсо керек. Анткени, баласы Канадада жүрдү. Өзү улам улам барып келип, кылмыштуу келишимдерди түздү. Аферист компания болсо канчалаган адамдардын укугун тебеледи. Канчалаган чиновниктер байып, “Кумтөр” кылымдын афёрасы болду. Ошон үчүн күнөөсү болсо жазаланып, күнөөсү жок болсо акталышы керек.  Бирок, биздин мыйзамдардын негизинде “мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш жообуна тартылбайт”- деген жактары бар. Ошонун негизинде жоопко тарта алышпайт, тилекке каршы.

Ошондой болсо да, Акаевдин кетирген чоң күнөөлөрүн эл алдына алып чыгып, ачык айтып, Акаев өзү курун мойнуна салып эл алдында кечирим сурашы керек. Бирок, Акаев болсо минтип күнөөсүн мойнуна алыштын ордуна актанып, дагы эле аялын жана балдарын мактап, өзүн эл алдында периште көргөзүүгө аракет кылып жатат.

Чынында  Акаевдин күнөөсү айтылуу Аксы окуясында дагы бар. 6 адамдын жана укук коргоочу Шералы Назаркулов 22 күндүк ачкачылыктан каза болду. Канчалаган аксылыктар азап тарты.  Пикет, митингге, жөө жүрүшкө чыгышты. 6 мектептин окуучулары бир канча айлап окубай калышты. Мына ушунун баары Акаевдин өлкөнү туура башкара албаганынан, карапайым элдин талаптарын укпагандан болгон. Эми мунун  баарын териштириш керек. Анткени, Акаев мына ушундай күнөөсү болгон үчүн качып кеткен.  Анын туура эмес иштегени үчүн 2005-жылы революция болуп, Ак үй талкаланган. Кыскасы, Акаевдин да жетиштүү күнөөсү бар.

- Эми суралды, тергөө менен кызматташты деп аны жазадан биротоло куткарып  койбойбузбу?

- Эгер ушул күнөөлөрүнүн баарына көз жумуп, бошотуп жибершсе кандай болоорун билбейм. Элде нааразычылык жаралбас үчүн суралып, күнөөсү болсо жоопко тартылып, күнөөсү далилденбесе акталышы керек.

Арина Рысбаева, Булак: "Майдан. kg" гезити