Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 211

- Учурда эл арасында Масадыков тууралуу талкуулар болуп жатат. Мен ойлойм, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп туруп сырларды коомчулукка чыгарбаш керек эле. Ал айтып жатат: "УКМК сырдуу болуш керек", - деп. Азыр маалыматтын заманы, маалыматтан бир мүнөт кечиксең, утулдуң деген сөз. Мисалы, УКМКнын төрагасы ден соолугуна байланыштуу дарыланганга кете турган болсо, кокус ошол убакта бир окуя болуп кетсе, эл ичинде дароо "Камчыбек Ташиев кайда? Ушундай убакта эмне кылып жүрөт? Кызматка жеткенден кийин болду экен да", - деген пикир пайда болот. Масадыков болсо УКМК коомчулуктун пикирин эске алып, "мындай иштерди кылып жатабыз" деген билдирүүлөрдү таратса, аны ачык айтпаш керек дегендей кылып жатат да.

Менин көз карашымда, атайын тыңчылык деп коет, ар кандай террористтик, тыңчылык иштерди таап, аныктаган жашыруун кызматтар бар. Алар көчөгө чыгып айткан жок: "Террористтерди издеп жүрөбүз", - деп. Алардын милдети ошол - аракеттерин купуя сакташат. Ал эми буларды камап жатабыз, мынча акча бюджетке котордук дегендин эмнеси туура эмес? Мындай маалыматтарды коомчулукка ачык айтпаса, коррупционерлердин туугандарыбы, жакындарыбы, алган акчаны өз чөнтөктөрүнө салып жатат дегендей сөз чыгарып, элге жаман көрсөтүүгө далбастап жатышпайбы. Ошондуктан, УКМК бул жаатта баарын ачык айтып жатканы туура.