Россиянын чырлуу саясатчысы, МамДума депутаты Владимир Жириновский “ойгонду”. Сыягы, алдыда МамДумага болчу шайлоону утурлай саясий упай алууну кѳздѳгѳн окшойт. Башкача баа бералбай турабыз.
Ал Бишкектеги балдар үйүндѳгү орус улутундагы кассир кызга мас абалдагы кыргыз жаранынын кол кѳтѳрүп, какыс-кукус кылганын айтып, ушуга байланыштуу Кыргызстан менен экономикалык мамилени токтотуу керектигин айтып чыкты. Бул үчүн Россиянын Кыргызстандагы элчилигин чакыртып алуу керек деди. Анын айтымында, орустарды бүткүл постсоветтик мейкиндикте ур-токмокко алып, шылдыңдачу болду, Россия мындан ары буга окшогон кѳрүнүштѳргѳ чыдап турбашы керек.
Жириновскийдин минтип улутташына күйүп атканын айыптай албайбыз. Бирок ошол эле мезгилде орустун саясатчылары бѳѳнү тѳѳ кылганды токтотушса жакшы болот эле. Буга чейин Патриарх Кирилл Ысык-Кѳлдѳгү орус баланын болор болбос келтек жеп калганынан чуу жараткан. Жириновский жаман улут болбойт, жаман адам боло турганын билбейби? Россияда канча деген мекендештерибиз орустун айрым шовинист, улутчулдарынан запкы кѳрүп келишет. Эмне үчүн алар тууралуу ооз ачканга жарабайт? Эмнеге Россиянын андай бейбаш, ээнбаштарын тартипке чакырбайт? Постсоветтик башка ѳлкѳлѳрдѳ орустарга карата мамиле кандай экенин билбейбиз, бирок Кыргызстандагыдай орустарга мамиле эч жерде жок экенин белгилеп кетели. Мына ушул нерсени кыргыз бийлиги, ТИМ Жириновский сыяктуу саясатчыларына, аттуу-баштууларына жеткирип коюшу керек. Болбосо акыркы учурларда Россиянын маалымат каражаттарында Кыргызстанда орус улутундагыларга күн көрсөтпөй жаткандай маалыматтар көбөйүп баратат. Мындай көрүнүш ал жакта иштеп жүрүшкөн мекендештерибизге залакасын тийгизиши ыктымал.
Булак: “Майдан. kg” гезити