Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 98

16 жылдан кийин өз мекенинен сыртта жүргөн алгачкы президент Аскар Акаев Кыргызстанда бир жума турган соң, кайра Москвага кетти. Ал кетер алдында, 8-августта кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимге барганына кечирим сурады. Акаев мекенине кайтып келүүсүнө аталган келишим боюнча сурак себеп болгонун өзү да айтты.

“Мекенден алыс жүрүп, октябрь окуяларынан кийин Кумтөр алтын кенинин айланасында болуп жаткан окуяларга, чечкиндүү кадамдарга көз салып отуруп, четте кала албадым. Кыргызстанда жоопко тартылып, издөөгө алынсам да, “Кумтөр” иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келдим”,- деди ал.

Акаев Кыргызстан эгемендик алгандан кийин мамлекет башчысы катары өлкөнү туруктуу каражат булагы менен камсыздоо милдетин алганын, ал булак “Кумтөр” алтын кени болгону үчүн аны иштетүү тууралуу келишимге барганын белгиледи.

Келишим түзүлгөндөн тартып Кыргызстан көп жолу канадалык компаниянын кызыкчылыгы үчүн, улуттук кызыкчылыкка каршы кадамдарды жасады. Анын ичинде кыргыз өкмөтүнүн "Камеко" компаниясын салыктардан бошотуу тууралуу 1992-жылкы токтому, кенди башкарууну Канада тарапка берип койгону үчүн кыргыз тарап эч кандай дивидендге да ээ боло албай, мамлекеттик бюджетке салык да түшпөй калгандыгын моюнга алды.

“Бул жерде президент катары менин да катам бар, анткени “Кумтөр” долбоору боюнча чечимди мен кабыл алгам. Ошол өкмөткө Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алган деп сокур ишеним артканмын. Мен катачылыктарым үчүн кечирим сурайм. “Кумтөр” долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актай албадым”, - деди.

Аскар Акаев ошондой эле долбоордон өлкө жарыбаган тыйын, талкаланган экология менен калып жатканы үчүн мезгилинде өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынбаганы үчүн өз билгенин кылган канадалык инвесторлорду айыптады.
Ооба, А.Акаевдин кечирим сурагандыгы жакшы. Бирок эл аны кечирер бекен жана “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш иштерине канчалык деңгээлде пайдалуу маалыматтарды айтып бере алат?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити