Саясий туткундардын темасы кайрадан атамекендик саясатчылардын арасында модага айланды. Жакында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков маек берип "бардык саясий туткундарды бошотуу керектигин" белгиледи.
Ага жооп катары УКМКнын басма сөз кызматы "бүгүнкү күндө республикада саясий туткундар жок, кылган кылмышы үчүн тийиштүү укуктук жоопкерчиликке тартылгандар бар. Аларды кызыкдар күчтөр саясий куугунтуктун курмандыктары кылып көрсөтүүгө аракеттенүүдө" деген билдирүүсүн таратты.
Белгилей кетиш керек, "саясий туткун" деген жалпы түшүнүк жок. Ошондуктан, саясий куугунтукка кабылгандарга (саясий мотив менен кылмыш ишине тартылгандар) эрежеге ылайык, кылмышка тартылган эки категориядагы адамдар кирет:
1. Жарандык укугун пайдалангандар - улуттуна, динине жана башка түшүнүгүнө, көз карашына байланыштыруу куугунтукталат (мындайларды Amnesty International абийир туткундары деп атайт);
2. Бир жагынан мыйзамды бузганы үчүн, экинчи жагынан бийликтин саясий мотиви менен куугунтукталгандар.
Эгер ушул аныктамага таяна турган болсок, УКМК туура айтууда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө камалгандардын арасында ушул категорияга киргизүүгө мүмкүн болгондор жок.
Кыргызстанда чыныгы саясий туткун жана абийир туткуну мен укук коргоочу Азимжан Аскаровду эсептөөгө болоор эле, ал абакта жатып каза тапты. Аскаровдун макамын эл аралык абройлуу Amnesty International жана башка уюмдар тастыкташты. Алар Аскаровду айыпсыз деп табышып, ал укук коргоочулук ишмердүүлүгүнүн айынан куугунтукка туш болду деп эсептешкен.
Башка саясий туткун делчүлөр тууралуу айтсак, анда акыркы жолу алар 2019-жылы АКШнын элчилигинин атайын докладында аталган. Ошол убакта саясий туткун катары Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров аталган.
Учурда алардын баары эркиндикте, а жаңы саясий туткундардын аты АКШнын элчилигинде да, адам укугу менен алектенген эл аралык уюмдарда да аталган жок, ал турмак атамекендик бейөкмөтчүлөр да атабады. Масадыков деле конкреттүү ысымдарды айтпады, анын кимди эркиндикке чыгаргысы келгени түшүнүксүз болуп калды.
Балким, анын сунушу өзүн өзү саясий туткун жана абийир туткуну деп атап алгандар тууралуу болгондур. Өлкөдө коррупция менен кармалган жана камалган саясатчылардын дээрлик баары өзүн өзү ушинтип атайт. Учурда №47 абакта жазасын өтөп жаткан учурдагы президент Алмазбек Атамбаевден баштап, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылып кармалган жарандык активист Мелис Аспековго чейин.
Ошондуктан, Масадыковдун билдирүүсү - бул популисттик, тастыкталбаган чакырык жана ураан менен коомдук пикирди башка өңүткө буруу гана болуп саналат.
VB. kg сайтынан алынып которулду