- А.Акаев Кумтөр боюнча элден кечирим сураптыр, каталар кетиптир деп. "16 жылдан бери эмнеге менсиз эле өнүкпөйт белеңер" деп суроо салган экенсиз, ошол туура эмес. Кыргызстанга чыккынчылык кылган сиздин келишимдердин негизинде өнүгө албай келебиз. Бул бир эле катачылыгыңыз, ал эми приватизация боюнча катаңызга өзүнчө кечирим сурайсызбы. Аксы окуясы боюнча өзүнчө сурайсызбы? Айта берсе бул тизме ФБга батпайт го.
Кечиримдин деле чынында, азыр эч кимге кереги жок. Ошол келишимдин негизинде кеткен чыгымдарды казынага төлөп бериш керек, керек болсо эркинен ажыратылышы керек. Конфискация болуш керек, билебиз азыркы күнгө чейин иштеп аткан бизнес- ишканалары бар.
"Өзүм келдим" деп, келгенден бери пиар жасайт. А эл билебиз да ким алып келгенин, С.Жапаров алып келди, чынын айта берсе болбойбу. Өзү келсе дароо камалмак мыйзамдын негизинде, бул айдан ачык эмеспи.
Дегеле жалпы 15 жыл ичиндеги катачылыктары үчүн ар бирине токтолуп, баарын моюнуна алып, өлкөнү туңгуюкка алып келгенин айтса түшүнөт элек, эсине келген тура деп. Жок, андай кылыштын ордуна келгенден бери "мен сүттөй ак болчумун" деген таризде пиар жүргүзүп келет. Мунусу атайын кызматтарга да жакпай калса керек, тергөө тарабынан дадилдер менен кысканда "Кумтөр" боюнча бүгүнкү кечиримин айтып чыгып олтурса керек.
Негизи келгенине каршы эместердин катарында болгом. Адамга, эркек кишиге Ата Журттан кымбат эч нерсе жок. Ошол кусалыгы үчүн баарына даярбы дедик эле, күнөөлөрүн мойнуна алат го дегенбиз. Тилекке каршы, андай эмес окшойт, бул кишинин ою: "Мен таптаза эле иштеп атсам кубалап жибергенсиңер, керек болсо менден кечирим сурагыла..."
Акаев менен Кыргызстан жашай албай койгон. Акаевсиз Кыргызстан жашап келген, жашай берет. Акевдин акмакчылыгынан Кыргызстан дагы эле бутуна тура албай келет. Акаевдин акмакчылыгын биздин муундагы замандаштарым эң жакшы билебиз, кечиримин мен кабыл алган жокмун, кереги жок.