Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун саясий тажрыйбасы жок жана сыягы Кыргызстандын менталитетин жакшы билбейт окшойт. Мындай пикирин саясат талдоочу Медербек Корганбаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

- Резюмесине караганда, ал өмүрүнүн көп бөлүгүн жана ишмердүүлүгүн Кыргызстандан сырт өткөргөн. Профессионал котормочу, афган согушунун жана сүйлөшүүлөрүнүн (көбүнчө ушунусун дипломат деп жаңылыш ойлошот) катышуучусу, интеллигент. Бирок кыргыз саясатындагы же мамлекеттик кызматтардагы башка жетишкендиктери кызматтык тизмесинде жок. Анын күтүлбөгөн билдирүүсүн, УКМКнын жана анын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин короосуна таш ыргытканын субординация жана саясий эрежелер тууралуу  түшүнүгү жок деп эсептөөгө болот. Чоң саясат - бул катаал мыйзамдары бар чөйрө, анда ар бир сөз үчүн жооп берүүгө туура келет. 

Ооба, Кыргызстан бул Афганистан эмес. Афганистанда Масадыков сүйлөшүүлөрдү которуп турган, жүргүзгөн эмес. Анын айырмасы чоң, адаштырып албаш керек. Муну дипломатия деп кабыл албаш керек. Масадыков, Жапаров жана Ташиевдин саясий тажрыйбасынын деңгээлин салыштыруу мүмкүн эмес. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бири бирине жөлөк болуп саясий жашоодогу татаал жолу басып өтүштү - парламент, өкмөт, 2010-жылдагы Ош окуясы, Кумтөр, түрмө жана саясий басым, 2020-жылдагы октябрь революциясы. Суроо жаралат: ушундай оор күндөрдө Масадыков кайда эле? Кыязы, кайсы бир жерде лекция окуп, жай турмушун өткөргөндүр. Мен Масадыковду президент Жапаровго жакындатышты дегенге ишенем. Масадыковдун кызматка баруусу Ак үйдөгү Ташиевдин таасиринен коркуп, ага каршы турууга аракеттенген топтордун биринин планы. Бул бийлик үчүн күрөш жана бул мыйзам ченемдүү нерсе. Масадыков президенттин жакын санаалашы  - УКМКнын жетекчиси менен ачык конфликтке чыкты. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын кылаарга башка иши жокпу? Интрига жасоо, имиштерди таратуу жана акыл айтуу - жогорку даражалуу аткаминердин деңгээли ушулбу? Ташиевди жана атайын кызматты сынга алууну кое туруп, алгач өзүнүн дараметин көрсөтпөйбү?