Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 306

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков капысынан ММКларга маек берүүнү чечти. Журналист Майраш Базлакунова менен маектешип жатып, ал ооба, КР Коопсуздук кеңешинде эмне менен алектенерин айткан жок, бирок кеңеш берүүдө жоомарттыгын көрсөттү - президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге акыл айтты. 

Масадыковдун пикиринде, Кыргызстанда мамлекет башчы жасай турган консолидацияга биринчи кадам жасалбады, биримдик да жок. 

Анын айткандарын оригиналдуу дегенге болбойт. Анын үстүнө анын президентке кеңеш бергени таң калыштуу. Анткени, Садыр Жапаров биздин коомдогу консолидациянын зарылчылыгын өзү да жакшы билээрин, дайыма соцтармактагы баракчалары аркылуу басым жасап жатканын эске алганда дагы кеңеш бул жерде ашыкча болуп калды. 

Таалатбек Масадыков саясий куугунтук менен абактарда отургандарды бошотуу керектигин белгиледи. 

- Мамлекет башчысы ырайымдуу болушу керек. Мамлекет башчысы элдин атасы катары. Бардык саясий туткундар бошотулушу керек, бирок алар революцияга барбаганда, биримдикке келип, өлкөнү алдыга жылдырууга жардам берүүгө макулдашышы керек, - деп эсептейт ал. 

 Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары КР саясий коъюнктурасын жакшы түшүнбөгөнү кызык. Бирок айткандарынан бул белгилүү болуп калды. Ал айткан саясий туткундардын ичинен кимисин президент революцияга барба деп макулдатышы керек? Эгер кеп Алмазбек Атамбаев тууралуу болуп жатса, анда бул жерде Күндү батыштан чык деп макулдатуу оңой болуп жүрбөсүн. 

 Таң калыштуусу Таалатбек Масадыков Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда тирешүү болуп жатат деген идеяны бир топ чеберчилик менен кайра жандандырып койгону кызык болду. Бир катар ММКларда бул тема көп жолу көтөрүлүп, президент менен УКМК башчысы конфликттин жоктугун далилдеген фото-сүрөттөрүн жарыялашкандан кийин тынчыган болчу. Эми, кыязы, бул имиш кептин тегерегинде кайрадан талкуу пайда болот окшойт. 

 Экинчи тарабынан, Масадыков өзүнө бийликтен атаандаш издеп жаткандай сезилди. Президент менен урушууга күчү жетпейт, кызматты ага Садыр Жапаров бербедиби, а УКМКнын башчысы бул ролго абдан ылайыктуу болуп турат. Мындай ойго Камчыбек Ташиевдин короосуна таш ыргытканы жетелейт: УКМК медиага өтө көп чыга бербей, жашыруун болушу керектигин айтты. 

- Мен Камчыбек Ташиевге УКМК боюнча кеңеш бергенге даярмын. Көп нерселер башкача болушу керек эле. УКМК публикага, медиага чыга турган мекеме эмес. Бул мекеменин өзүнүн жашыруун дүйнөсү болушу зарыл, - деп эсептейт ал. 

Учурдагы коомдук - саясий кырдаалда УКМКнын коомчулукка байма бай маалымат берип турганы чындыгында, туурадай эле көрүнөт. Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары кандай ойлосо дагы. Бүгүнкү күндө УКМК өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалымдаган маанилүү булакка айланды: коррупциялык схемаларды жоюу, "Кумтөр" боюнча кылмыш иштеринин процесси кандай уланууда - мунун баарынан кабардар болуудабыз. УКМК унчукпай коюп кутулган мезгил да болгон, бирок анда мекемени өтө эле купуялуулугу үчүн сындаганбыз.  

 Сөз кезеги келгенде айта кетели, комитеттин учурдагы маалыматтык активдүүлүгү мамлекеттик коопсуздукка же бүгүнкү бийликке эч кандай зыянын тийгизбейт. Тескерисинче, ал элге кырдаалды түшүнүүгө жардам берет. 

Кыязы, УКМКнын  ММКларга жасалган иштер тууралуу  үзгүлтүксүз отчет берип жатканы Таалатбек Масадыковдун кыжырына тийип жатат окшойт, анткени анын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары катары аткарган иштеринин жыйынтыктары эч кимге белгилүү эмес. Ал турмак ал чет өлкөгө бир да жолу барбады. Анын ордуна ички саясатка аралашып, ээрден Камчыбек Ташиевди түшүрүүгө аракеттенүүдө. 

УКМК Масадыковдун билдирүүсүнө оперативдүү жооп кайтарды. Мекеме бийлик органдарына маалымат каражаттары менен иштешүү бүгүнкү күндө абдан керек деп эсептейт. 

"Таалатбек Масадыков айткан кеңештерге УКМК муктаж эмес. УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп эсептелинет жана эгер зарылчылдык жаралса буга конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңешин пайдаланат", - деди УКМК.

Белгилей кетчү нерсе, Масадыков келечекте президенттик шайлоого катышуу планы жоктугун айтты. Анын себеби түшүнүктүү: саясий реалдуу мүмкүнчүлүгүн 2017-жылы көрбөдүкпү. Ал популисттик программа менен чыгып, болгону 10 миң шайлоочунун колдоосун алды. Кийинки шайлоодо бир топ реалдуулукка жакын программа ойлоп тапкан учурда да, чоң ийгиликке жетиши күмөн. 

 Андан тышкары бир факт баштагыдай эле актуалдуу бойдон: Таалатбек Масадыков кыргызстандыктар үчүн караңгы. Бүгүн ал чоң кызматты ээлеп турат, а биз анын реалдуу жетишкендиктери жана ресурстарын билбейбиз. Бир гана нерсе түшүнүктүү, Масадыков аракеттин адамы эмес. Ооба, резюмеси укмуш, ар кандай эл аралык уюмдарда иштептир, бирок болгону котормочулук милдетти аркалаган. Ал качандыр бир кайсы бир олуттуу чечим кабыл алганбы же сүйлөгөндү гана билеби - бул чындыгында белгисиз. 

VB.kg сайтынан алынып, которулду