Кандай мамлекетте болбосун саясаттан сырткары турган, өзүнүн спецификалык кесиптик функциясын аткарууга гана чегерилген жабык кызматтар болот. Алардын эмне иштерди жасап жатышканын эл боолгойт, бирок билбейт. Андай кызматтагылар ачыкка чыгышып, публикалык саясатка аралашса, өз кызматтарынан ыктыярлары менен кетиши керек. Эгерде кеткилери келбесе, өкмөттүн же мамлекеттин башчысы кетирүүсү зарыл.

Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары деген орун бизде  мына ошондой жабык кызматка кирет. Тилекке каршы, спецификалык өзгөчөлүктөгү андай кызматты ээлеп турган Таалатбек Масадыков деген инсандын ЖМКларга “Саясый мотивде кармалгандардын бардыгын эркиндикке чыгаруу керек” деген билдирүү менен чыккандыгы  бизди аябай таң калтырды. Эң негизгиси, ал баланча саясый мотив менен кармалган деп бир да адамдын ысмын атабады. Жөн эле “саясый мотивде кармалгандардын бардыгын бошотуу керек” деп  балп эттирип, анан сентименталдык  мааниде чегинүүлөрдү жасады. “Мамлекет башчысы боорукер болушу керек, -деди ал. –Мамлекет башчысы эл үчүн ата катары. Бардык саясый туткундар бошотулушу зарыл, алардын  төңкөрүшкө барбай тургандыгы жөнүндө убадаларын алып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн биригүү зарыл”.

Эгерде пикир келишпестиктери, кайчы көз караштары болсо, спецификалык жабык кызматтагылар аларды жабык түрдө чечишет. Өтө эле маанилүү маселелер болсо, жабык отурумда карашып, анан жыйынтыктарын элге маалымдап коюшат. “Жылан чакпай, жылкы теппей” дегендей, Т.Масадыковдун жөндөн жөн эле жогорудагыдай билдирүү жасашына эмне себеп болду? Андай өзгөчө пикири болсо, эмне үчүн ал Коопсуздук кеңешинин кезексиз отурумун чакыртып, ошол жерде маселени арай көзүн чарай кылып  ортого салбайт?  Ташпиштери күн санап артып жаткан элдин күч органдарынын ички маселелеринде кандай жумушу бар?

Биз мына ушулардын тегерегинде  канчалык ой калчасак да мырза Таалатбек  Масадыков  алдыдагы парламенттик шайлоого камынып, анын алдында эшиктерди карсылдата жаап, өзүн демократ, адилеттик  үчүн күрөшкөн адам катары көрсөткүсү келсе керек дегенден башка жүйө таппадык. Анткени, шайлоолордун алдында айрым чоң мамлекеттик чиновниктердин ага чейин оюна да келбеген элди эстеп,  көкүрөктөрүн ургулап, демарш менен чыга калуусу мурдатан келаткан көрүнүш.

УКМКнын маалымат кызматы  Кыргызстанда саясый себеп менен кармалган  туткун жоктугун, фигуранттар коррупциялык  жаңжалдар боюнча кармалгандар экендигин, аларды тергеп-тескөө иштеринин баардыгы укуктук тилкеде жүргүзүлүп жаткандыгын, өлкөдөгү коррупциялык системаны демонтаждоо боюнча чараларды айрымдар  жеке кызыкчылыктарына байланыштуу саясый көрүнүштөргө айландырууга  аракеттенип жатышканын билдирди. Чындыгында эле Т.Масадыков демарш жасагысы келсе, аргументтердин негизинде гана сүйлөшү керек эле, ал жер жайнаган НПОлордун биринин өкүлү  болбогон соң, аны кызмат орду ошого милдеттендирет. Бирок анын өз кызматтык функциясына ылайык келбеген билдирүү менен сорок этип чыга калганы, бизде кадрларды тандап жайгаштырууда аябагандай чоң көйгөйлөр бар экендигин дагы бир ирет айгинеледи. Саламаттыкты сактоо министри маскарапоздун ролун аткарса, Ошко жаңы м.а. болуп дайындалган мэр  “өзүмдүн командамды алып келем” деп оолугуп жатса, ал эми ачкыл-кычкылга жакындыгы менен атагы чыккан каржы министри өйдө-төмөн сүйлөсө, вицелердин даражасындагылардын бири фантастикалык “Асман” долбооруна сүрөмөчү болуп жүрсө, алары аз келгенсип, коррупцияга каршы күрөшө тургандардын бири коррупционерлерге адвокат болгонго өтсө, булардын баарын көргөн адам аргасыз: деги биздин бийликтегилерде  адекваттуулар да барбы же... деп ойлобой койбойт экен.