Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 361

Сөз атасы келгенде жазбасам атасы өлөт.Атамбаевдин тушунда элге эркиндик бербей эзип, баш көтөргөнүн жасалма иш токуп мыйзамга такап башка чаап, баш бербей каршы сүйлөгөндөрдү "каралар" менен коркутуп турчу эле. Атамбаевди укпай койсо "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" деген жалаң эки буттуу овчаркадан куралган, акчага сугарылган бандиттик топ менен үйүнө чейин барып коркутушчу, үйүнүн дубалдарына ар кандай сөздөрдү жазып шылдыңдашчу. Телеканалдары, фейковый отряды ж.б. маалымат каражаттары аркылуу тебелеп салчу. Ал аз келгенсип Атамбаев өзү теледен отуруп алып, базардагы катындардан да өтүп жамандачу. Сот-поту жок эле кайсы бир адамды каралап, заматта жаманатты кылып салчу.

Ошондой каралоого учурап, Атамбаевдин курмандыгына айланган Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго да эмнелерди гана кылбады....

Өздөрү аз келгенсип акыйкат издеп чыккан балдарына, туугандарына, жакындарына чейин асылышып кордошту, кескилешти.
Кыскасы Атамбаев доору бир гана топтун жыргалына айланып, оюна эмне келсе, болчусуна  да, болбой турган иш болсо да күчкө салып жасашчу. Аны улап Атамбаевдин мураскери да жыргатпады.Үч жылга созулган бийлиги келгенинен,кеткени бат болду.

Азыркы Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич баштаган бийлик Атамбаевдин бийлигине окшобой, баардык чечимдерди элге салып, карапайым эл менен эсептешип жатат..Эч бир саясий опонентин каралаган жок, куугунтуктаган жок же кайсы бир топту курал кылып, кимдир бирөөгө тукурбады.Тескерисинче, "чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы,элибизди бириктирели" деген улуу жүрүшкө аттанды.

Туугандарын, жакын санаалаштарын аралаштырбай "таза иштейли, тонолгон өлкөнү калыбына келтирели" деген асыл ойлор менен иштеп жатышат. Ошонун негизинде казынаны тешкендер менен өлкөгө чыккынчылык кылгандарга мыйзамдын күчү менен аёсуз күрөш башташкан.

Бирок, бул күрөш ууру- кески, саткындарга жакпады.

Мурункулардан айырмаланып, жасалма иш токуу, буюртма камоо, өч алуу деген жок. Жалаң гана өлкөгө чыккынчылык кылгандарды камап, кустуруп жатканы- алардын тарапкерлерине , алардын арам акчаларына жан баккан командага жага бербеди. Жандалбастап акчаларын чечып, өздөрүн актатып, С Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичке фейк акаунттары менен, жана четтин  акчасына көз каранды маалымат каражаттары аркылуу акылга сыйбаган каралоону башташты.Биринчи, эки достун достугуна асылып кайраштыргысы келди, бирок алардын оюу ишке ашпады.Экинчи, жакындарына, байлыгына жб асылышты, ал да болбоду. Эми, эч нерсе таба алышпай балдарына асылып,ушак таркатып жатышат (эч нерсе таба алышпайт).

Ошол карамүртөз саткындарга, акчанын кулу болгон акмактарга, жалданып иштеген фейк командага кайрылат элем..

Мурункуну кошпогондо, акыркы 10 жыл ичинде саткындар силер казынаны тешип, эл ырыскысын жеп тойбодуңар, өлкөнү итке мингиздиңер, бардак өлкөгө айландырдыңар. Мыйзамды тебелеп, "по понятиям" жашаган коомго алып кептедиңер. Дагы эмне керек силерге?

Фейктер, силер он жылдан бери буюртма аткарып алган арам айлыгыңар менен байыдыңарбы?

Силерге суроо:  Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго эмне өчүңөр бар?

Кыргыз мамлекети гүлдөсүн, башкалар менен тең ата болсун, коррупция менен саткынчылыка аёсуз күрөш, ОПГ жоголсун деген ураандар силерге жакпайбы?

Силердин максатыңар сокур менен дүлөйгө да белгилүү, силерге Кыргыз мамлекети же элибиздин келечеги керек эмес, силердин максатыңардын түбү- жоопкерчиликтен качуу, бийлике келип алып элибиздин канын соруу.

Азыр элибиздин  көпчүлүк катмары келечеке жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Президентибиз Садыр Жапаровго ишеним артып, үмүт кылып турат.А силер көрөалбай, жардам бериштин ордуна, качан жаңылат экен, качан чалынат экен деп фашистерче аңдып отурасыңар...

Канча аңдысаңар да арам оюңар ишке ашпайт, себеби мекенин сүйгөн, өлкөнүн тынчтыгын каалаган, Кыргызстандын түбөлүк эркиндигин эңсеген элибиз жол бербейт.

Урматтуу эл-журт!

Азыркы учурда отуз жыл жерибизди саткандар,элибиздин ырыскысын жегендер, четтин акчасына сугарылган арам  тамактар Кыргызстанды чаң тополоң кылуу максатында бири Москвага чуркап барып "колдой көр, бийликти тартып алсак сураганыңды беребиз", экинчиси батышка барып, акча бере кой, каалаган мыйзамыңды киргизип элибизди көгөртүп салабыз" деп сагаалап, президентибиз менен УКМК төрагасын жамандап жүрүшөт. Ошол четтен үмүт кылып, алардын эшигин каккылап, өз мамлекетин, өз ханын жамандап жүргөндөр бийлике келип эмнени жыргатат? Мен аларга окшогон саткынчыларга ишенбөөгө, ээрчибөөгө чакырам!
Сөзүмдүн акырында "КЫРГЫЗСТАН" деген мамлекет бирөө, аны коргоо, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз" деген ураан менен аяктайм.

Шүкүрбек Эркебаев