Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 141

Коопсуздук Кеӊешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, анда “УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге акыл айтууга даярмын, атайын кызмат деген публикага, медиага чыга турган кызмат эмес”-деп акылдуусунду. 

Арийне, Масадыков бул “акылгөйлүгү” менен өзүнүн ыйгарым укугунан аша чаба баштаганын, ар кайсы тармакка башын тыгып, ар кимге карата кажына баштагандыгын өзү сезди бекен?

Ал эми УКМКнын ушу тапта коомчулукка карата кайсы бир иш-чараларын, атайын операцияларын ачык билдирүүлөрү бүгүнкү заман талабы экенин “ашынган акылман” Масадыков кантип билбей калды? Бүгүн коом деген санариптешкен жана айкындуулукту жактаган доордо жашап жатат. Андыктан УКМКнын коррупция, алдым-жуттумдук өӊдүү схемаларды аныктап, аны коомчулукка ачыкташы мыйзам ченемдүү жана мезгил талабына шайкеш көрүнүш эмеспи. Аныгында УКМК терроризм же сырткы коркунучтар, ички душмандар тууралуу коомчулукка сырын жалаяктай жайып салган жок. Муну Масадыков деле билет. Бирок билип туруп эмне үчүн бул тармакка “кашынып” жатат? Бул жерде УКМКнын ишине же анын жасап жаткан иштеринин натыйжасына балким ичкүйдүлүк кылып жаткан жокпу? Же аталган кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге карата атайын диверсия жасап жатабы? Тиешелүү тармактар, тиешелүү адамдар Масадыковдун бул өӊдүү  айткан-дегендерин тереӊ анализдеп андан жыйынтык чыгарыш керек го акыры...