Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 173

Буга чейинки УКМК төрагаларына коомдун көңүлү, назары бүгүнкүдөй болчу эмес. Анын да жөнү бар. Анткени, буга чейинкилер коррупцияга каршы күрөшүү мааелесинде эт менен челдин ортосунда болуп келишкен. Бүгүнкү УКМК трагасы К.Ташиевдей болушуп  мамлекеттин акчасын уурдап, казынасын талап-тоногондорду ким экендиктерине карабай камап, кылмыш иштерин козгоп, уурдагандарын мамлекеттин эсебине кайтарткан эмес. Бул кимдир бирөөлөргө жагабы, жокпу бирок чындык ушундай. Натыйжада К.Ташиев болуп көрбөгөндөй душмандарын арттырып, алар өздөрүнүн жалданма жазмакерлери, маалымат каражаттары аркылуу Камчыбек мырзанын баскан-турганынан, атугул жумушуна келип-кеткенинен да кынтык издешип, элге мокочо көрсөтүүгө жандалбастап жатышат. Ташиевди каралоого, эл алдында дискредитациялоого эч нерсе таппай аргалары кетишкенде Ташиевдин жумушка качан келгенин жанылык кылып бергенге өтүштү.

Акыркы убактарда К.Ташиев түшүп жүргөн кымбат баалуу авто унааны бетке кармашып, каралаганга өтүштү. Каралап, айыптап жазып жаткандардын логикаларына ишенсек, өлкөнүн ички, сырты коопсуздугун камсыз кылуу багытында иш алып барган Ташиев андай авто унаада жүрбөшү керек экен. Бул эмне деген логика? Албетте, мында логиканын жыты да жок. Жөн гана жогоруда айткандай, Ташиевдин аракети менен "кускан" жана "кусчу" душмандарынын иш аракеттери экени айтпаса да түшүнүктүү. Улуттук коопсуздук кызматы табиятынан кооптуу кызмат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө коопсуздук кызматтарынын башчыларынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан камсыз кылынат. Ал үчүн мамлекет  коопсуздукту камсыз кылчу автоунааларды берет, жансакчылар менен камсыз кылат, үйүн кайтарууга алат ж.б. Бул өңүттөн алганда, К.Ташиевдин коопсуздугун да  мамлекет камсыз кылууга милдеттүү. Бирок К.Ташиев өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн минип жургон автоунааны мамлекеттин бир сомун жумшабай алыптыр. Ага эмнеге анчалык ичи тардык кылып атабыз? Миллион, миллиарддарды өлкө казынасына кайтарып аткан Ташиев ошол акчаларга жеке  коопсуздук үчүн автоунаа алса алгандыр. Ал үчүн аны айыптаганыбыз туура эмес. Ал автоунааны жеке өзүнө алган жок го! УКМКга алынды, андан кийинки жетекчилер да пайдаланышат. Ташиевдин коопсуздугуна, амандыгына кайдыгер карабайлы.

Дагы кайталайбыз, бүгүнкү күндө Ташиевдей душманы көп адам жок. Ал өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштерди жүргүзүп, душмандарын арттырды, арттырып атат. Анан ошол адамдан бир автоунааны кызганып, тепкиге алганыбыз акылга сыйбас нерсе. Коррупцияга каршы Ташиевдей эч ким күрөшө албайт! Муну бөркүбүздөй көрөлү. Ташиевге автоунааны ыраа көргөнүбүз - биз анын коррупцияга каршы күрөшүн колдоого алганыбыз.