- Адам баласы үчүн эң биринчи баалуулук - адамдын өмүрү! Адамдык көз караш менен караганда. Анан барып алтын - палтын, темир - тезек, байлык эсептелиши мүмкүн. Акаев эң оболу каргашалуу Аксы окуясы боюнча жооп берсин?! Ал окуяда Аксынын алты азаматы каза болгон. Бири акем Эркиналы болчу. Болгону 32 жашта эле. Акаевдин бийлиги аткан автоматтын огу чекесине тийип, кара куш мээсин талкалап жарып чыгып кеткен. Онтоп жатып жарым күндөн кийин жан берген. Акаев башында турган бийлик атып өлтүргөн. Акаев жоопкер?! Ауу, бийлик, Аскар Акаев эң оболу Аксы окуясы боюнча жооп берсин?! Андан кийин гана “Кумтөр” алтын кени боюнча сурака алынса жарашат. Кең пейил болгула, кой деген киши жок. Бирок эби менен, жолу менен болсун баары.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити