- Акаев “Тергөө менен кызматташып, болгонун болгондой айтып берем», - дептир. “Камеко” менен соттошууда Кыргызстанга пайдасы тийе турган көрсөтмө берип, «Центерраны» түзүүдөгү коррупциялык схеманы ачыктап, күнөөсүн моюндап, анан кылмыш ишинин мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулса болот. Элден да тизе бүгүп кечирим сурап, «кусунду челекке» окшуганды да унутпашы керек. Кечирим сурайын деген кебетеси жок, «чача-пача»- деп эле кутулуп кетем деп атабы? Так не пойдет! Коомчулук көзүңдү ач. Саакашвили кысканда Шеварнадзе 300 млн. доллар кускан. Түштүк Кореянын коррупционер президенти 13 саат аянтта тизелеп, элден кечирим сурап турган. Элбизби? Ээ калайык, кимбиз биз? Акаев, желек желбиреткенге келдиңби? Же кара жан үчүн “кесме илишмейге” келдиңби? Элден кечирим сурабасаң арбак урат! Чын!
Булак: “Майдан. kg” гезити