Ахматбек Келдибеков: “Сүйлөсө да, иш кылса да, жада калса унчукпай турса да кыргыздын духу сезилип турчу”
- Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты, белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Мен кыргыз саясатында көп саясатчыны билем. Бирок сөз менен эмес, иш жүзүндө кыргыз үчүн жүрөгүн сууруп берчү саясатчылар саналуу гана, алардын бири - Үсөн Сыдыков болчу. Ал киши сүйлөсө да, иш кылса да, жада калса унчукпай турса да кыргыздын духу сезилип турчу. Үсөн Сыдыков өз кезегинде жеке бийликкке, мыйзамсыздыкка, зомбулукка, адилетсиздикке каршы чарчабай күрөшүп жүрдү. Алгачкы элдик революциядан кийин өлкөдө тынчтык, мыйзамдуулук орношуна зор салым кошту. Негизи, Үсөн Сыдыков өңдүү адамдар турбаса 24-март окуясы болот беле, болбойт беле?.. Үсөн Сыдыков жашап өткөн өмүр накта элдин, жердин өмүрү болду. Улуу тоонун уулу ар дайым бийикте, таза, нукура, аруу, салабаттуу жашады. Үсөн Сыдыков өлгөн жок. Ал акыркы сапарга өз принциптерине бекем турган, намыстын желегин көтөрүп кетти. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз.
Жамин Акималиев, коомдук ишмер: “Аброю бийик инсан эле”

- Үсөн Сыдыковдун аброю жогору болчу. Себеби, Кара-Суу деген чоң райондон өзүн көрсөтө алды. Чогуу депутат болуп иштедик. Мамлекеттик агро өндүрүштүн төрагасы, өкмөт башчынын биринчи орун басары, совет мезгилинде депутат болду. Кыскасы, көп жылдан бери билем. Кийин саясатка аралашып кетти.
Исмаил Исаков, экс-депутат: “Үсөн Сыдыков болбогондо Курманбек Бакиев президент болмок эмес”
- Эгерде Үсөн Сыдыков болбогондо Курманбек Бакиев президент болмок эмес. Муну ошол командада жүргөн киши катары айтып жатам. Анткени, кадыры менен биздей кишилерди айланасына топтоп, “ушу баланы колдоп, алдыга жылалы”, - деди. Бакиевди эмес, Сыдыковду сыйлаган үчүн анын президент болушуна мүмкүнчүлүк бергенбиз.
Бектур Асанов, экс- депутат: “Аксакал катары сыйлап, кеңешин укчубуз”
- Бакиевдин тушунда бул кишини аксакал катары сыйлап, айтканын укчубуз. Аябай таасирдүү болгон. Мындай адамдарды ар кандай сөз ээрчийт. Ошол эле «серый кардинал» деп жүрүштү.
Булак: “Майдан. kg” гезити


