Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккандан кийин аны имараттын алдынан жарданган журналисттер тосуп алышкан. Алардын катарында коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева да бар болчу. Кучагын жая жүгүргөн Үмөталиеваны өзүнөн оолактаткан Аскар Акаевдин бул кылганы көпчүлүктүн талкуусунда калган. Бул боюнча саясат талдоочу Бакыт Бакетаев пикирин мындайча билдирди:
- Токтайым Үмөталиева Кыргызстандагы коомдук-саясий ишмерлердин арасынан Акаев Москвага качып кеткен биринчи күндөн тартып ачык анын таламын талашкан жана узак жылдар бою ал позициясынн кайтпаган жалгыз айым. Качкын президенттен жүз бурууга, ага каршы чыгууга аракет да жасаган жок. Аны бүт кыргыз эли билет.
Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыкканда Токтайым аялдык мээримдүүлүгү менен ага кучагын ача жүгүрдү. Бирок экс-президент андан өзүн оолактатып, журналисттер тарапка басты.
Бул видеону троллдор интернетке таратып моокумдары кангыча табалап алышты.
Менин көз карашымда, бул экс-президенттин өтө калпыстыгы, катачылыгы кыргызстандыктардын ага болгон негативин дагы көбөйттү.
Айтылып жүргөндөй, коомчулукта Аскар Акаевдин Кумтөр коррупциялык схемасына катышкан деген пикирлер бар.
Эми ушундай пикирлерди экс-президент сотто, бир убактарда Феликс Кулов жасагандай үч инстанцияда тең жокко чыгарышы керек.
Садыр Жапаров менен жолугушканы элдин шегин жок кылбайт, тескерисинче көлөкө учурдагы президентке да түшөт.