Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 176

- Акаевдин “Кумтөрдү” иликтөөчү топ менен иштеше тургандыгы элдин маанайын көтөрүп жатат. Албетте, ошол нерсе мамлекеттин көйгөйүн чечкенге оң таасирин берсе. Баарынан мурун бул нерсе бюджетти толтурууга гана жардам берсе элдин көкшүнү суугудай. Чамасы Канаданын жана Улуу Британиянын эл аралык каржы институттары менен тышкы саясат мекемелери “Центерранын” Кыргызстанда кылган кылгылыктарын билишет өңдүү. Эгерде алар антип жебегенде республиканын бюджети капкачан эле үч-төрт эсе өсмөк дешет кээ бир адистер. Калктын жакырчылыгы, саламаттык сактоо, билим берүүдөгү көйгөйлөр эбак чечилмек. Баарынан куржалак калган элге бийликтин акыркы жасаган кадамдары үмүт берди. Оңбогондой экологиялык кыйроонун, алтын кендеги каржылык көз боёмочулуктарды бир учурда көтөрүп чыкты. Мындай нерсе Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Отунбаевалардын учурунда болгон эмес. Баарынан да Акаевге берилчү суроолор көп. Анткени, комбинат эчтеке курула элек мезгилде Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. Ал эми 2007-жылы “Кумтөр” комбинаты Кыргызстандын менчигине өтмөк. 2003- жылы болсо Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 33пайызга чейин түшүп кеткен. Мына ушундай фактылар баарына белгилүү. Иштин жүрүшү Акаевдин канчалык ийгиликтүү көрсөтмө беришине жараша болот. Башка да президенттер көрсөтмө беришет. Бул нерсе Кыргызстан үчүн эң бир маанилүү учур.

Булак: "Майдан. kg" гезити