- Каныбек агай, Садыр Жапаров президенттик кызматка киришер замат өлкөдөгү эң кечиктирилгис, тез чечүүнү талап кылган маселелер боюнча беш Жарлык чыгарган. Анын биринчиси “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” деп аталган. Ал Жарлыкты ишке ашыруу боюнча атайын Концепция иштелип чыгып, жакында ал мамлекет башчысынын Жарлыгы менен бекитилди. Бул Концепциянын максаты эмнеде? Жаңы концепция улуттун рухун ойгото алабы?
- Президенттин биринчи жарлыгы, негизинен, Улуттук кайра жаралуу баалуулуктарына арналып, баарыбызды шыктандырып койду. Эл жакшы кабыл алды жана активдүү колдоду. Эми андай маанилүү Жарлыктын аткарылыш матрицасы болушу керек эле да. өкмөткө аны 1-июнга чейин кабыл алуу тапшырмасы берилген. Ал дагы аткарылды. Документтин расмий аталышы Концепция деп аталды. Мен аны ичинен билем. Анткени, жумушчу топко кирип аны түзүүгө активдүү катышкамын. Концепциянын негизиги максаттарынын бири - бул азыркы дүйнөлүк татаал чакырыктарга туруштук берип, өз жолун таап кете турган коомду калыптандыруу. Мындай пафос менен айтып жаткан себебим, азыр биз, кыргыздар абдан жаман руханий кесепетке кептелдик. 30 жылдан бери байлык менен мансапты туу туткан “төрөлөр” элдин жашоо ориентирин чар-жайыт кылып койгон. Муну оңдоп кетүү көп азаптуу эмгекти талап кылат. өлкөбүздүн мүмкүн болгон баардык интеллектуалдык потенциалын мобилизация кылышыбыз керек. Концепцияда ошонун баары жазылган. Бул абдан маанилүү стратегиялык документ. Эми аны сабаттуу жана зор жоопкерчилик менен аткаруу гана калды!
- Улуттук идеологияны кайсыл багытта алып чыксак мамлекет үчүн пайдалуу болот?
- Улуттук идеологиябыздын дап-даяр материалдары бар. Ал көп кылымдар бою кынапталып, синтезделип келген элдик каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, мухиттей терең болгон акыл-ойлорубуз. Анын баары улуу жана айкөл Манастын образы менен берилген. Ошол баалуулуктар заманбап илимий-технологиялык жетишкендиктер менен кошоктолушу керек. Мунун баарын сабаттуу уюштура алсак болгону!
- Баса, Аскар Акаевдин суракка келип, тергөө менен кызматташаарын айтты. Эми “Кумтөрдөгү” сырдын баары ачыкка чыгабы?
- Азырынча эч нерсе түшүнүксүз. Тергөө көрсөтөт го? Эгер сүттөн ак чыкса, анда ким күнөөлүү болот, элби? Менимче президент абдан татаал дилеммага кептелди. Жартакан ага акыл-күч берип, кыргыздын намысына төп келген чечимге келсин дейт элем! Эл баарын көрүп, өзүнүн баасын ачык бере турган кырдаалга келди!
- Айтмакчы, Каныбек агай, неге сизге мамлекеттик катчылык кызмат буюрбай калды? Кызмат чечилер күнү Чолпонбек Абыкеев сунушталып кеттиби?
- “Эмне үчүн мамлекеттик катчынын кызматы сизге буюрбай калды?”- деген суроонун өзү нонсенс! Анткени, мен былтыр кышта эле Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары ушул кызматты киргизүү боюнча демилге менен чыккамын! Белдүү окумуштуулар мени колдошуп пленардык жыйында сунуш беришкен. өтө оор абалда бул кызматты Конституцияга киргизгенбиз. Көптөрү каршы чыгышкан. Эгер мен ал кызматтын кереги жөнүндө какшап айтып отуруп көтөрбөсөм, деги эле эч кимисинин оюна дагы келмек эмес. Бүгүнкүдөй талаш дагы болбойт болчу. Мен бир гана максатты көздөгөмүн. Азыркы ырайымсыз ааламдаштыруу учурунда кыргызды өзүнүн салт-санаасы, үрп-адаты, каада-салты гана сактап калат болчу. Биз ушул багытта күрөшүшүбүз керек эле. Эми болоору болду! Мага насип эмес экен. Бир гана арманым президент мени чакырып туруп, бул кызмат боюнча өзүнүн кадрдык ою бар экенин эле айтып койгондо, мен толеранттуу адам катары макул болуп эле тынчып калмакмын. Бирок, ажо мени такыр кабыл албай койбодубу! Болгону эле ушул! Калганы менин пендечилик (биротоло ишенип алып) эмоциям жана кээ бир сенсация аңдыган журналисттердин эле фантазиялары!
- Сизге, ининизге, жубайыңызга, уулуңузга тымызын куугунтук башталганын айткан элеңиз. Бирок, иниңиз “агам эмнени айтып жатканын түшүнгөн жокмун, баарыбыз эле иштеп жатабыз” деди го...
- Ооба. Бул сөзүмө мен өзүм гана жооп берем. Инимди баары бир губернаторлуктан кетиришти. Мен андан кечирим сурайм. Калпыс иш кылбасам дагы айгак болуп койдум окшойт. Бирок, иним күчтүү адам. Азыркы кызматында деле өзүн көрсөтө алат!
- Эми мындан аркы кадамдарыныз кандай болот? “Эмгегимди, тарткан азабымды эске алышкан жок”- деп капаланып отура бересизби же мамлекетти көтөрүүгө салым кошосузбу?
- Мамлекеттин өнүгүүсүнө жан дилим менен салым кошуп келгемин жана кошо берем.
- Сизге эмнеге кызмат беришкен жок?
- Коркуп жатышат! Мен өзүм дагы жебейм, тигилерге дагы жедирбейм! Негизги себеп ушул!
Булак: "Майдан. kg" гезити