Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 471

- Рамазан агай, Акаев жоопко тартылыш керек эле дейсиз. Ага кандай  күнөөлөр коюлушу керек?

- Акаев биринчи, "Кумтөр" боюнча алдын ала кыргыз мамлекетине зыян алып келчү келишим  түздүргөнү үчүн жана кыргыз элин сызга отургузганы үчүн жооп бериши керек.

Экинчи, "Кумтөрдү" Бирштейн менен ишке ашырыш үчүн 1994-жылы Жогорку Кеңешти   таратканы үчүн, мамлекеттик төңкөрүшкө жол бергени  үчүн анан өзүнө ылайыктап 2 палаталуу парламент түзгөндүгү  үчүн жоопко тартыш керек.

Үчүнчүсү, 1992-жылдан  кийинки “Камеко”, “Центерра” менен түзгөн келишимдер үчүн жоопко тартыш керек. Анткени, анын баары Акаевдин көзөмөлүнүн негизинде түзүлгөн.

Төртүнчүсү, мына ушул келишимдердин негизинде кыргыздын үлүшү 67 пайыздан 17 пайызга түшкөн.

Бешинчиси, ушул келишимдин негизинде экологияга келтирилген  милиарддаган зыяндар жана  1998- жылдагы Барскоондо болгон катастрофа жана аны тергетпей жаап койгону үчүн аёосуз жоопко тартыш керек.

Алтынчысы, 2005-жылга чейин шайлоолорду бурмалаганы үчүн, ошонун айынан эффективдүү бийлик түзүлбөй кыргыз элинин экономикасы төмөндөгөн. Тагыраагы, экономиканын төмөндөгөнү Акаевдин кызыкчылыгы үчүн иштеп калган.

Жетинчи, башка кендер да кыргыз элинин кызыкчылыгына иштебей калган. Ошон үчүн да жоопко тартышыбыз керек.

Сегизинчи, 2005-жылдан баштап  жоопкерчиликтен качып жүргөнү үчүн жооп бериши керек.

Тагыраагы, ушул айыптар коюлуп, сот алдында ачык  жооп бериши керек. Ал эми Акаев айткандай 6 күндө кетип калса, азыркы бийлик качканга көмөктөшкөнуү үчүн жооп бериши керек.