- Батыш өзүнүн демократия деген чирик идеясы менен бирге ошонун кынтыксыз системасын  орнотуунун үстүндө көз ирмебей күнү-түнү аракет кылып ишке ашырып келет. Ал иштерди  максатына жеткирүү үчүн ийне-жибине чейин ойлонулуп, бүтүндөй бир армия  сааттай иштеп турат. Ошолордун бирөө ушул Валентин Богатырев. Жеткен айлакер, саясатты ичип-жеп бышып бүткөн өтө чебер алдамчы.

Бул ишке бала кезинен даярдалып, ошол башына ширидей кийилип орногон манкурт. Ар убак  өлкө  дайнын таппай турган учурда акылдуусунуп, бир нерсени билген адамдай чыгып, бийлик эңсеген шакалдардын издеген шериктеши болуп чыга келет. Анткени  Валентинге өз элине күйбөгөн мансапкор ач көздөр табылгыс олжо. Сыртынан саясатчы болуп көрүнгөнү менен түпкүрүндө  Кыргызстандын валютасын көзөмөлдөө үчүн атайын келген. Кыймыл - эткенибизди, кимдин ким экенин, керек болсо сырттан келген акчанын максатсыз жумшалып карызга батыруу да ошонун иши. Мындайларды кыргызга күйгөн азаматтар укпаш керек. Деги эле кыргыздын өз саясаты, өз  акча  эркиндиги болсо деген кыялда жүрөм. Эртеби - кечпи, элге келген азаматтар өз валютабызды өзүбүз колго алган күндү орнотот деп ишенем.