- Валентин Богатыревду  Кыргызстан, Борбордук Азия боюнча  адис деп жүрүшөт. Бирок анын айткандары тагыраагы, анализдеринин көбү туура деле келбейт. Эмнегедир Кыргызстан тууралуу жакшы да айтпайт. Ошол жагын эске алсак, ал кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып жаткандай таасир калтырат. Ошон үчүн Кыргызстан тууралуу теңирден тескери пикирлерди көбүрөөк  айта берет. Ал айткан сөзүнүн маанисин сезбегени, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн сүйлөп койгонду адат кылып алган үчүн жоопкерчиликти деле сезбейт. Айткан сөздөрүм дал келбей калды деп деле уялып калбайт.

Кыргыздар кимди кызматка алып келет, жаштар менен кызматташабы же 80 жаштагы тажрыйбалуу адам менен кызматташабы, өзү билет. Бирок ал куюшканга кыпчылып, качан болсо өз көз карашын таңуулайт.  Ким эмне десе да, профессионал адамдар чогулуп, Кыргызстанды алдыга сүрөп алып чыгып кетет. Буюрса, өнүккөн мамлекет болобуз. Ошон үчүн анын айткандарына анчалык деле маани бериштин кажети жок деп эсептейм.