- Акыркы убакта кее бир "дешёвый" (арзан) саясатчылар пайда болууда. Ошолордун бири Исхак Масалиев. Ал убагында бажы тармагында иштеп жүрүп депутаттыкка келген эле, өзүңөр билгендей бажыда көмүскө акча көп турбайбы. Депутат болуп кыйраткан ишти деле кылган жок, эт менен чел кабыктын арасында, бирде оппозиция, бирде бийлик жакка ыктап келет.
Эң кызыгы мен кыйынмын деген Исхак Масалиев Салык инспекциясын башкара калганда, эми бир ири реформа кылып ийет экен деп үмут артсак, эч кандай майнап чыккан жок. Эки жылга жетпей кетип калды, кайра Коммунисттер партиясы эмес, башка партия менен депутат болуп келди. Себеби, Комунисттер партиясынын авторитетин эчак эле кетирген болчу. Өзү акчалуу болгондон кийин башкалардын авторитетине жамынып алып, депутаттыкка келүгө аракет кылат.
Анан бир тема таба албай, котур ташы койнунда алып жургон Исхак Масалиев 2005 - жылы каржы кирешелери боюнча комитетке башчы болуп турганда, ал кызматты Бакиев жоюп таштады. Ошондон бери Исхак котур ташын койнуна Акылбек Жапаровго каршы сактап келет. Далилсиз жамандаганын койбойт, эгерде далилдүү болгондо Акылбек Жапаровду эчак эле күч органы камакка алып коймок. Исхак ири кызматтарды ээлеп келип бир дагы конструктивдүү сунуш кылганын көрө элекпиз. Бажыдагы коррупциянын бетин ачкан жок же реформага аракет кылган жок. Салыктагы коррупциялык иштердин бетин ача албады, реформага аракет кылган жок. Ошондуктан, арзан пиарды токтотуп, мамлекетке бир салым кошпой туруп, элди алдоодон алыс болсо деген ниет.