Кыргызстанда саясий эксперт, саясий стратег катары белгилүү Валентин Богатырев деген бир «эргул» бар. Кезинде Акаевге, Бакиевге жана Атамбаевге кеңеш берип турган. Башкача айтканда, ал бардык бийликтин эбин таап, арам оюн ишке ашырып турган.
Богатыревдун башкаруучуларга кандай кеңеш бергенин, кандай саясат жүргүзгөндүгүн ошолордун тушундагы окуяларга жараша бааласа болот. Үчөө тең диктатураны алып келишти, коррупцияны гүлдөттү, аягында алар өз элин тоноп кетишти. Жыйынтыгы эмне болду? Экөө качып жүргөн, бири кечээ жакында келди, үчүнчүсү түрмөдө.
Богатыревдун сунуштары, күмөндүү экенин, жакшылыкка алып келбей турганын өлөк башчылары түшүнүшү керек эле. Бирок түшүнүшпөдү. Кайра аны саясий кеңешчи жана саясий стратег катары командасына кошуп, көкөлөтүшүп анын айтканы менен болушту.
"Алга, Кыргызстан", "Ак жол" партияларынын идеологу болду, кийин көшөгө артында КСДПга кеңеш берди. Кеңешин уккан партиялардын тагдыры баарыбызга маалым.
Алар чачырап, бөлүнүп-жарылып, кыйрап жок болушту. Ал эми Богатырев эч нерсе болбогондой өзүнүн “Перспектива” аналитикалык борборун бүгүнкү күндө башкарып жүрөт.
Акыркы күндөрү Валентин “эски” батышчыл достору Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов жана башка батышчыл депутаттар менен байма-бай жолугуша баштады. Булардын “бузукулардын” башы бириккенде эле бир нерсе болчу эле. Алсак, мындан 2 жыл мурун бул үчилтик тыгыз байланышып, жолуккандан көп өтпөй Кой-Таш окуялары болгон. Анда да Богатырев суудан кургак чыгып кеткен.
Эми да бир нерсенин башын кылтыйтып кыбырап баштады. Атайын кызмат, ИИМ бул ирет уктабай, ырк бузардын сары изине түшүп, арам ойлорун ишке ашырууга тоскоолдук жаратып, кыргыз элинин душмандарына тиешелүү жерден орун таап берет деп ишенебиз.