Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 287

Валентин Богатырев деген саясат талдоочу бар. Дайыма кандай пикир айтпасын кыргыз бийлигин сынга алып, пессимисттик көз караштарын таңуулаганды жакшы көрөт. Анын айткандарын окуп отурсаң, Кыргызстандын келечеги бүдөмүктөнө түшөт. Бирок албетте, андай эмес. Богатырев тек гана Кремлдин буйрутмасын, ишааратын аткарып, аларга "кызматтын" кылып турат. Ал эми геосаясаттагы оюнчуларга Кыргызстандын ичиндеги улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарга төп келген реформалык кадамдар, аракеттер, чечимдер дайыма эле жага бербестиги айдан ачык.

Валентин Богатырев маалыматтык саясий айдыңда кайрадан пайда болуп, өзүнүн кезектеги "көзү ачыктыгын" кылды. Бүгүнкү кыргыз бийлигинин аракеттерине баасын берген болуп, элдин биримдигине шек келтирүүчү, бөлүп - жаруучу маанайдагы  пикирлерин айтты. Түшүнгөн адам Богатырев максаттуу түрдө учурдагы кыргыз бийлигинин аракеттерине "сокку" уруу менен эл алдында аброюн төмөндөтүүнү көздөп жатканын байкай алат. Богатыревго окшогондордун тигил же бул маселе боюнча ойлорун айтып, пайда болуулары кокустук эмес. Демек, алардын ооздору менен пикир, көз караштарды кыргыз коомчулугуна таңуулоо, элдин маанайын билүү аракети жүрүп жатат деп ойлосок жаңылбайбыз. Мындайда "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп ишибизди уланта бергенибиз оң. Бул өңүттөн алганда, Валентин Богатыревдун айткандарын ориентир катары кабыл алалы. Богатыревго унчуга баштаган болсо, демек саясий багытыбыз, кадамдарыбыз туура.