Экономика жана каржы министри, Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Акылбек Жапаров быйылкы жылдын биринчи жарымынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын республикалык бюджети профицит менен чыккандыгын билдирген.
Ал жылдын экинчи жарымы башталары менен экономикалык чукул абалды киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады эле, каникулга шашып турган депутаттар бир күндө үч окуудан өткөрүп, кабыл алып салышты. Эгерде жылдын алгачкы жарымы профицит менен жыйынтыкталса, экономикалык чукул абалды киргизүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Же “профицит” дегендери каржылык негизи жок, Министрлер кабинетинин банкроттук абалын жакшыраак көрсөтүү үчүн учурулган жөн эле “өрдөктөрдөн” беле? Министрлер кабинети күткөндү актабады, иштей албады, толук банкротко учурады. Экономикалык чукул абалды киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу анын айныксыз далили. Министрлер кабинети билдиргенге ылайык, эгерде мамлекеттик карыздар бекитилген чектен 20 пайыз ашып, акыркы үч айда өлкөнүн ички дүң жыйымы 20 пайызга төмөндөп, сырткы соода жүгүртүү, түз инвестицияларды тартуу, алык-салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо ошол мезгилде 20 пайызга азайып, керектөө бааларынын индексациясы 3,5 пайызга өсүп кетсе экономикалык чукул абалды киргизсе болот экен. Демек, мыйзам долбоорунун логикасы боюнча, экономикабыз негизги көрсөткүчтөр боюнча акыркы үч айда 20 пайыздан ашык артка кеткен. Расмий статмаалыматтар дегендери элдин кулактарына илинген кесмелер. Болбосо Министрлер кабинети мындай мыйзам долбоорун сунуштамак эмес.
Анысына деле мейли, бирок экономикалык чукул абал экономикага кандай жардам берет? Же чукул абал киргизилсе эле экономика өзүнөн өзү өнүгүп кетеби? Антип аңкоо гана ойлонушу мүмкүн. Биз, эгерде мыйзам долбооруна президент кол койсо, Министрлер кабинети Жогорку Кеңеш менен макулдашпай туруп бюджеттик каражаттардын 20 пайызга чейинкисин өзү билгендей жумшай алат, алык-салыктардын көлөмдөрүн өзү каалагандай өзгөртөт дегенден башка аргументти көргөнүбүз жок. Мындан чыкты, аталган мыйзам долбоору Министрлер кабинети бюджеттик акчаларды өзү каалагандай калчашы үчүн эле кабыл алындыбы? Алардын максаттуу жумшалуусуна, “мистер 10 пайыздардын” ал каражаттардын бир бөлүгүн сол чөнтөктөрүнө солоп албашына ким кепилдик кыла алат? Ачуу да болсо чындыкты айтуу керек, эч ким андай кепилдик кыла албайт. Же бул парламенттик шайлоо алдында бийликчил партияларды каржылоонун бир формасыбы?
Казакстандын Элбашысы жакында “Кыргызстан 30 жылдын ичинде эч нерсени кура албады, тополоңдор менен гана убактыны өткөрдү” деди. Бул чындык. Ошондуктан көз карандысыздыктын 30 жылдык мааракесинин алдында экономикалык чукул абалды киргизүүгө аргасыз болуп жатабыз. Мындан ары бюджеттик кызматкерлердин айлык акыларын, жөлөк пулдарды жана пенсияларды төлөөнүн абалы кандай болот?
Эгерде тамчыдай уят-сыйыттары, кенедей намыс-арлары болсо, азыркы Министрлер кабинети кудуретсиз менеджерлер экендиктерин моюндарына алып, эл алдында кечирим сурап, толугу менен отставкага кетиши керек эле. Анткени, бул Кабинет “Ковид-19дан” да өткөн коркунучтуу пандемия экендиги, эгерде мындай башкаруу улантыла бере турган болсо, Кыргызстан жыл аягына чейин толук банкрот болору ачык болуп калды. Буга азыркы бийликтин кадр маселесиндеги авантюралары себеп болууда. Бир мисал.
Пандемиялык жана экономикалык абалдын оордугуна карабастан Салык кызматынын мурдагы башчысы айлык, жылдык пландарды ашыгы менен аткарып жаткан. Аны жана башка жакшы иштеп жатышкан менеджерлерди кетирип, алардын ордуларына таш атарларын, “мистер 10 пайыздарын” апкелишти эле, экономика кыйроо абалына жакындап калды. Бечара элге гана убал болууда. Баалар күн санап өсүүдө, сомдун наркы күн санап төмөндөөдө. Айлык акылар, пенсиялар, жөлөк пулдардын өлчөмдөрү баягы эле бойдон. Ал аз келгенсип адекваттуу эместер ойлоруна келгенди жасашып, абалыбызды андан бетер начарлатышууда. Биз эмне, буларды кудайга койдук дегенден башканы айта албайбыз. Тилекке каршы, кудайдын жазасы өтө эле кеч болору гана өкүндүрөт.
Тынчтыкбек БЕШКЕМПИРОВ, Булак: "Майдан. kg" гезити